Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:29

Ирандын руханий көсөмү өз бийлигин ого бетер чыңдоодо


Айатолла Али Хаменейи
Айатолла Али Хаменейи

Иранда эң жогорку саясий жана диний бийликке ээ болгон руханий лидер айатолла Али Хаменейи өз таасирин ого бетер чыңдоо аракетин көрүп жаткан өңдүү. 16-декабрда Иран парламенти - Межлис - мыйзам чыгаруу органдарына жогорку лидерди көзөмөлдөйт деп эсептелген үч башкы органды текшерүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алды.

Татаал бюрократия калыптанган Иранда Сакчылар кеңеши, Адистер жыйыны жана Акылгөйлөр кеңеши деп аталган үч орган жок эле дегенде сөз жүзүндө багыт берүүчү милдетти аркалайт.

Сакчылар кеңеши шайлоонун жүрүшүнө жана талапкерлерди электен өткөрүүгө көзөмөл салат. Акылгөйлөр кеңеши болсо парламент менен Сакчылар кеңешинин ортосундагы ар кыл талаштуу маселелерди калчап, арачылык кылат. Ал эми Адистер кеңеши эң жогорку рухий жолбашчыны – айатолланы тандайт. Айатолла болсо өз кезегинде куралдуу күчтөрдү, полицияны жана өкмөттүк маалымат каражаттарын башкарып, ички жана тышкы саясатты аныктоодо чечүүчү акыркы сөзгө ээ. Ушул тапта Али Хаменейи мырза дал ушул эң жогорку көсөмдүк кызматты аркалайт.

Бирок 16-декабрда Иран Межлиси өзүнүн бул үч органды текшерүү укугун жоюп салган мыйзам долбоорун эмне үчүн кабыл алды?

Серепчилердин оюнча, дал ушул кадам аркылуу Иран парламенти айатолла Али Хаменейинин саясий таасирин ого бетер арттыруу аракетин көрдү.

Ирандык басма сөз каражаттары мыйзам долбоору басымдуу көпчүлүк добуш менен кабыл алынганын кабарлашты. Межлисте реформачылар жалпы депутаттардын санынын чейрегин да түзбөйт, парламентте басымдуу көпчүлүк эскичил диниятчылардын “нео-консервативдик” канатына таандык.

Берлинде жашаган саясат таануучу Хасан Шариатмадари (Hassan Shariatmadari) мырза “Фарда” үналгысына курган маегинде бул мыйзам долбоорун кабыл алуу менен парламент коомчулукту өлкөнүн жогорку жетекчисин көзөмөлдөө укугунан ажыратты деген пикирде:

- Калк тарабынан шайланган жана калктын атынан башкаруучуларды көзөмөлдөөгө тийиш деп саналган бийлик органы болгон парламент өзү ыктыяры менен эле өз ыйгарым укуктарынан баш тартып жатса, демек, бул - парламент мындай ыйгарым укукка татыксыз экенин өз мойнуна алгандыгына барабар дегенди туюнтат.

Парламенттин мындай талаш-тартыштуу кадамы Иранда келээрки жылы июнда өтө турган президенттик шайлоого таасирин тийгизиши ыктымал. Оор экономикалык кырдаалдан улам азыркы президент Махмуд Ахмадинежад шайлоодо утулуп калышы мүмкүн. Анын атаандашы – ага чейин президент болгон реформачыл саясатчы Мохаммед Хатами мырза.

Сакчылар кеңеши шайлоонун жүрүшүнө көзөмөл салып, президенттикке талапкерлерди электен өткөрүп текшерет. Бирок алиги мыйзам долбоору биротоло күчүнө кирсе, анда Межлис шайланууга талаптанган кишилерди иргеп, алдын-ала текшерүү жараянына мындан ары таасир тийгизе албай калат.

Байкоочулардын баамында, мамлекеттин жогорку руханий жетекчиси 2012-жылда өтө турган парламенттик шайлоону көзөмөлдөө үчүн дал ушул кадам аркылуу узак мөөнөттүк кайырмак ыргытууда.

Мурдагы президент Мохаммад Хатаминин атын атагысы келбеген бир кеңешчиси “Азаттык” үналгысына берген маегинде мыйзам чыгаруудагы бул соңку кадамды эгерде болочокку парламентте көпчүлүк добуш реформачыл саясатчыларга таандык болчу болсо, анда парламент жогорудагы тассирдүү үч мекемени текшерүү укугу жок “тишсиз” болуп калышы керектигин алдын-ала эсептеп жасалган айла-амал катары мүнөздөдү.

Бирок реформачыл саясатчылар өздөрү парламентте көпчүлүктү түзгөн 2000-2004-жылдары деле алиги үч органды жарытылуу көзөмөлдөй албагандыгын да алардын айрым өкүлдөрү мойнуна алышкан.

Ошого карабастан ирандык адис Хусейн Бастанинин айтымында, мурда Межлис Конституция боюнча ошол текшерүү укугуна ээ болуп келген, аны пайдаланбаганы менен дал ушул укугу аркылуу парламент кубаттуураак болчу. Демек: бул укукту парламент колунан чыгарбоого тийиш эле.

Парламент кабыл алган жаңы мыйзам долбоору күчүнө кирүүсү үчүн ал Сакчылар кеңеши тарабынан жактырылышы керек. 12 мүчөсү бар Сакчылар кеңеши бул мыйзамды алдыдагы апталарда терең канааттануу менен жактаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG