2008-жылдын 8-январында Интернет сайттардын бирине оштук Рыскул Мондошевдин «Кыргыз симбиозу. Эгерде бийлик криминалга жакындашса, а бейөкмөт уюмдар диний-экстремисттик уюмдарга ыкташууда» аттуу макаласы орусча жарыяланып, анда автор «… укук коргоочулар М. Балтабаев жана Р. Гапиров өздөрү «Хизб-ут Тахрир» партиясынын активдүү мүчөлөрү болуп саналышат, идеялык жетекчилеринин көрсөтмөсү боюнча уюмдун ишин пропагандалоо максатында өнөктүктү күчөтүштү» деп жазган эле.
Буга териккен Оштогу «Акыйкат сот - чындык» укук коргоо борборунун директору Равшан Гапиров Рыскул Мондошевдин электрондук дарегине орус тилинде төгүндөө жөнөтүп, каршылашын массалык маалымал каражаттары аркылуу эрөөлгө да чакырган. Эч кандай жооп болбогондо, каяшасын Интернет аркылуу түштүктөгү бардык бейөкмөт уюмдарга да тараткан.
Баракчаны Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кармап алып, дин агенттигине жөнөткөндө, атайын эксперттик топ: «Равшан Гапировдун каяша катында Кыргызстандын Конституциялык бийлигине коркунуч туудурган сөздөр бар. Жарандарды ислам мамлекетин – халифат курууга үндөйт. Бир динди башкаларынан жогору коет», - деп корутунду жасаган.
Сот жараяны башталгандан тартып эле Равшан Гапиров өзүнө тагылган айыптарды төмөнкүчө төгүндөп келет.
- Корутундуда эксперттер сабатсыз экендиги билинип турат. Ошондуктан, алар мындай теңирден тескери бүтүм чыгарганга акысы жок эле. Себеби менин Мондошевге жазган каяшамда мааниси татаал сүйлөмдөр бар болчу. Аны дасыккан адистер гана түшүнбөсө, тигилердин акылы жетпесине бөркүмдөй ишенем…
Мамлекеттик айыптоочу Нематжан Гудуков Гапиров үч судьядан баш тартып, сотту атайылап создуктуруп келгендигин, эми минтип күнөөсүн танып, эксперттерди шылдыңдап жаткандыгы адамгерчиликке сыйбастыгын белгиледи.
Ошентип Нематжан Гудуков төрагалык кылуучу судья Шералы Камчыбековдон өкүмдү эртелетүүнү өтүндү.
Бирок Равшан Гапиров эксперттер да, прокурор да анын айыбын далилдей албастыгын төмөнкүчө туюндурду:
- Бейтаааныш Рыскул Мондошевге Интернет аркылуу жазган каяшамда Кыргызстандын конституцияылык түзүмүнө коркунуч туудурган, же калкты халифат орнотууга үндөгөн чакырыктар жок! Муну эксперттер да, прокурор да далилдей алышпайт! Себеби, мага тагылган айыптар негизсиз жана ойдон чыгарылган, - деген Равшан Гапиров эгерде адилет өкүм чыгарбаса, судья Шералы Камчыбековдун үстүнөн да даттанаарын эскертти.
Ушундай талаш-тартыштан соң сот белгисиз убакытка тыныгуу жарыялады. Бирок массалык маалымат каражаттары, бейөкмөт уюмдар тарап кеткенде өкүмүн угузуп, Равшан Гапировду бир жылга күчөтүлгөн режимге кескендигин жарыялады.
«Демократияны жана укукту өнүктүрүү фондунун директору Абдыманап Халиловдун пикиринде, судья кылмыш ишин шашылыш карап, бийликтин буюртмасын аткаргандай.
- Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө айыптоо үчүн жүйөөлүү далилдер келтирилген жок. Эксперттер чакырылбады. Ошентсе да, прокурор бир жыл сурады эле, судья анын талабын канаттандырып, Гапировду күчөтүлгөн режимде ошончо жылга кести. Менин билишимче, соттолуучу бир дагы диний уюмга кошулбаган. Ырас, хизб-ут-тахрирчилердин идеясын же кызыкчылыгын эмес, жарандык таламдарын соттордо жана укук коргоо органдарында талашып жүрчү. Ошондуктан, диний экстремисттердин лидери деп санашты өңдөнөт.