Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:53

АКШ Ооганстанга дагы аскер жиберет


Талибдер Ооганстанда АКШнын аскерлердин санын көбөйтүү планын четке кагышууда.
Талибдер Ооганстанда АКШнын аскерлердин санын көбөйтүү планын четке кагышууда.

АКШнын БУУдагы элчиси Вашингтон менен Кабул өкмөтү сабырдуу талибдер менен алака түзсө, Ооганстанда стабилдүүлүккө огожо болот деп билдирди. Залмай Хализад бул тууралуу Кошмо Штаттары Ооганстанга кошумча 20-30 миң аскер жибере тургандыгын жарыялагандан кийин билдирди.

АКШнын БУУдагы баш өкүлү Залмай Халилзад "элдешүүгө боло турган талибдер" менен алака түзүүгө колдоо билдирди. Бир эле мезгилде жекшембиде СэЭнЭн сыналгы каналына маегинде элчи ооган өкмөтү менен АКШ баштаган коалиция бул үчүн бүгүнкүдөн күчтүү болушу керектисин белгиледи.

Ооганстандык комментатор Акбар Вардактын пикиринде, аскерлерди көбөйтүү жарыясы жана Халилзаддын Кошмо Штаттары сабырдуу турумдагы талибдер менен сүйлөшүүгө даяр экендигин каңкуулашы талибдердин келечекте ишке ашырууга боло турган талаптар менен ыкка келишин кепилдөөнүн сүйлөшүлгөн жолу болушу мүмкүн.

Вардак ошондой эле талибдер кийинки кездери өз турумун кыйла жумшарткан деген кабарларды мындайча тастыктады:

– Алар чет элдик аскерлерди чыгарууну талап кылган жок. Алар азыр аскер чыгаруунун жадыбалын сурап жатышат. Алардын ошондой эле өздөрүнүн куралдуу күчтөрүнүн жана можахеддердин Ооганстандын улуттук армиясына кошулушун талап кылышууда. Менимче бул эки талапты ооган өкмөтү да, америкалыктар да четке какпайт. Демек бир гана талибдердин өлкөнүн учурдагы конституциясын тааныбай жаткандыгы кыйынчылык жаратып жатат. Эгер талибдер конституцияны таанышканда, сүйлөшүүгө кеңири жол ачылмак.

Айрым ооган байкоочулары талибдер менен сүйлөшүүдө алардын чачыранды экендиги да ишти кыйындатаарын белгилеп келишет. Алар биринчи кезекте талибдердин ар кыл топторунун "ал-Каида" менен чийелешкен мамилесин түшүнүүнүн зарылдыгын айтышат. Болжолу, "ал-Каидага" жакындары жихадды же ыйык согушту дүйнөлүк масштабда жүргүзүүнү көздөшөт. Демек алар менен жергиликтүү деңгээлде мунасага келиш жеңил болбойт.

Вардактын айтымында, келерки жылга белгиленген президенттик шайлоонун коопсуздугун кепилдөө үчүн да америкалык аскерлердин саны көбөйтүлүп, бир эле мезгилде талибдер менен сүйлөшүү ишараты жасалып жатат.

"Талибдердин соңку кездердеги согуштук ийгиликтерин эске алганда, балким сүйлөшүүгө да зарылчылык бышып жетилди" дейт баяндамачы:

– Эгер биз аймактагы кырдаалга көз салсак, Пакистандын Индия менен мамилеси начар, Исламабад Нью-Дели менен чатакташып, ошого алаксып калышы мүмкүн. Ушундан улам Пакистан Ооганстандагы өкмөткө каршы күчтөрдү кеңири колдой албай калышын болжолдоого болот. Саударабияга талибдерди жеке булактардан да, бийлик чөйрөлөрүнөн да колдоону токтотууга кысым күчөп жатат.

Талибдер анын аралыгында АКШнын аскерлердин санын көбөйтүү планын четке кагышты. Өзүн "талибдердин маалымат катчысымын" деген Юсуф Ахмади муну Ооганстанды басып турган советтик аскерлердин 1980-жылдары көбөйтүлүшү менен салыштырды. Андан курмандыктардын саны өсүп, можахеддердин позициясы күч алган.

XS
SM
MD
LG