Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:03

Ирактын корлорунун кол тийбестик мөөнөтү узартылды


Ирактын жаңы мамлекеттик желеги
Ирактын жаңы мамлекеттик желеги

БУУнун Коопсуздук кеңеши Ирактын каржы активдерин коргоонун мөөнөтүн дагы бир жылга узартууну караган резолюцияны бир добуштан кабыл алды. Мындай чечим Ирактын мамлекеттик корлорундагы акчаны өлкө карыз болгон тараптардын тартып алуусунан сактайт.

Ирактын азыркы өкмөтү өлкөнүн Саддам Хусеиндин доорунан калган, миллиарддаган доллардык карыздарын тааныйт. Айрым өлкөлөр эки жана көп тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ал карыздарды кечип да жатат. Маселен 22-декабрда эле Париж клубуна кирген өлкөлөр Ирактын карыздарынын дагы бир бөлүгүн кечүү боюнча чечим кабыл алды. Муну менен алар Ирактын карыздарынын 80%ын кечүү боюнча 2004-жылы берген убадасын аткарышты. Париж кулубуна кирген 19 өлкөгө Ирак 40 миллиард доллардай карыз болуучу. Эми акыркы чечимден кийин анын 7,8 миллиард доллары калды.

Ал эми Ирактын азыр мамлекеттик корлордо топтолгон акчаларын, көбүнесе мунай сатуудан түшкөн кирешесин коргоо аларга өлкө карыз өкмөттөр, компаниялар, жеке адамдар доомат артуусун алдын алуу, ошол каржаттардын эсебинен кайра куруу иштерин алга жылдыруу үчүн керек.

БУУнун Коопсуздук кеңеши быйылкы жылдагы акыркы сессиясында Ирактын каржы активдерин коргоонун мөөнөтүн дагы бир жылга, 2009-жылдын 31-декабрына чейин узартууну караган резолюцияны бир добуштан кабыл алды. Ирактын жыйынга катышкан тышкы иштер министри Хошияр Зебари эл аралык коомчулуктун мындай чечимине ыраазычылык билдирди:

-Биз БУУнун Коопсуздук кеңеши Ирактын каржы активдерин коргоо боюнча резолюцияны бир добуштан кабыл алганына абдан кубанычтабыз. Бул эл аралык коомчулук тынчтыкты жана туруктуулкту көздөй ийгиликтүү жылып жаткан Ирак менен тилектеш экенинен кабар берүүдө.

Хошияр Зебаринин айтымында, Ирак өкмөтү кирешенин 95%га жакынын мунай сатуудан алат. Мунай экспортунан топтолгон акча 2003-жылы негизделген Өнүгүү корунда сакталууда. Ушул тапта ал кордо 20 миллиард доллар бар. Өкмөт андан акчаны муктаждыгына жараша алып турат. Мындан сырткары Ирактын Улуттук баныкынын чет элдик валюта боюнча резервдери 40 миллиард доллардын тегерегинде. Алар башка кордо сакталууда.

Жогорудагы каржы активдеринин БУУнун эң жогорку аткаруучу органы тарабынан корголушу Ирак Саддам Хусеиндин учурунда топтолгон карыздар такыр эле төлөбөйт дегенди туюндурбайт. Бирок мындай чара өлкөнүн калыбына келтирүү жана стабилдештирүү планын аркалап жаткан Ирак өкмөтүнө каржы коппсуздугун берүүдө. АКШнын БУУдагы элчиси Залмай Халилзад мындай дейт:

-Бул Ирактын алга көбүрөөк жылуусуна көмөктөшөт. Ирактын корлоруна кол тийбестикти берип, аларды өкмөт өнүгүү жана экономикалык планын ишке ашырууда колдонуусуна жол ачат.

Коопсуздук кеңешинин соңку резолюциясында уюмдун Саддам Хусеиндин доорунда кабыл алынган резолюцияларын кайра кароо чакырыгы да айтылган. Британиянын БУУдагы элчиси Жон Саверс белгилегендей, документтер толугу менен кайра каралып, көпчүлгүнүн күчү токтотулуусу керек.

Ал эми Ирактын тышкы иштер министри Хошияр Зебаринин айтымында, ал резолюцяларды жокко чыгаруу жараянын баштоо БУУнун башктчысы Пан Ги Мун тарабынан буга чейин сунушталган. Сунуштарды даярдап, Коопсуздук кеңешинин кароосуна берүү үчүн али алты ай убакыт талап кылынат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG