Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Индия Интерполго ишенбей жатат


Эл аралык полициянын - Интерполдун башчысы Роналд Ноубл менен АКШнын жогорку даражалуу аскери өкүлү адмирал Майк Маллен Исламабадда болушту жана Пакистан бийликтерин Мумбайдагы окуяны териштирүүдө Индия менен тыгыз кызматташууга чакырышты.

Мындан бир нече күн мурда Мумбайга Интерполдун адистери келип, ноябрдагы террордук окуяны иликтөөгө киришкен эле. Аларга жергиликтүү бийликтер азырынча жетиштүү колдоо көрсөтпөй жатышат. “Ушул күнгө чейин Индиянын өкмөтү Интерполго Мумбайдагы окуяларга байланышкан эч кандай маалымат берген жок,-деп билдирди Исламабадда эл аралык полициянын баш катчысы Роналд Ноубл.- Андыктан биздин колубузда гезит-журналдардагы кабарлардан, телеканалдардан көрсөтүлгөн эпизоддордон башка кошумча маалымат жок”.

Ушул себептен улам Ноубл окуянын чоо-жайы, ага кимдер катышканы тууралуу да азырынча так кесер бир бүтүмдөрдү чыгарганга болбой турганын белгиледи.

Мумбайда 170 адамдын өмүрү кыйылып, жүздөгөн кишилер жарадар болгон эле. Террорчулардан бир гана Ажмал Амир Касаб аттуу жаш жигит колго түшкөн. Өткөн жумада ал Пакистан бийликтерине кат жазып, алардан жардам сураган.Айтымда, индиялык адвокаттар аны сотто коргогондон баш тартышкан.

Касаб тергөө учурунда Мумбайда кандуу булоон уюштурган тогуз террорчунун баары Пакистандан келишкенин ырастаган.

Пакистандын ички иштер министри Рехман Малик полиция өлкөнүн бардык органдарындагы документтерди текшерип, Касаб аттуу адам катталган бир да кагаз таппаганын айтып, ошол эле учурда анын Исламабадга жардам сурап кайрылган катын бийликтер алганын тастыктады. “Катты азыр эксперттер текшерип жатышат,бир-эки күндөн кийин кенен-чонон жооп беребиз”,-деп айтты министр.

Буга катарлаш АКШнын куралдуу күчтөрүнүн штаб начальниктер комитетинин төрагасы адмирал Майк Маллен да Исламабадда болуп, өлкөнүн жогорку жетекчилери менен жолугушту. Адмирал Пакистан бийликтерин Мумбайдагы окуяларды териштирүүдө Индия менен тыгыз кызматташууга чакырды.

Мумбайдагы окуядан кийин Нью-Дели менен Исламабаддын мамилеси курчуп кетти. Индиянын тышкы иштер министри Пранаб Мукержи “соңку кездеги террордук аракеттер региондогу тынчтыкка жана стабилдүүлүккө өзгөчө коркунуч келтире баштаганын белгилеп, Нью-Дели буга каршы “бардык чараларды көрөрүн” эскертти. Терроризмдин уюгу деп ал Пакистанды атады.

Исламабадда болсо өкмөттүн премьер-министри Юсуф Реза Геллани жалпы элди “кокус өлкөнүн чыгыш чек арасында агрессия башталса, ага биримдик менен жооп берүүгө” чакырды. Анын алдында аскерий жогорку жетекчилердин бири генерал Ашфак Первез Киани президент Асиф Али Зардариге “куралдуу күчтөр ар кандай кырдаалга толук шайма-шай турганын” айтып, атайы отчет берди.

XS
SM
MD
LG