Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:04

Өкмөт башчы кечээ сыналгыда отчет берди


Кечээ премьер-министр Игорь Чудинов Улуттук биринчи телеканалда түз эфирде журналисттер менен көрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берди. Көрсөтүүнүн аягына чейин ага электрондук байланыш аркылуу 146 суроо түшүп, өзү жана министрлер менен бирге 131 суроого жооп берди. Андагы көйгөйлөрдүн көбү энергетикадагы кризис, азык-түлүк коопсуздугу, отун менен камсыз кылуу, дүйнөлүк каржы кризисине каршы аракеттер жана социалдык колдоо маселеси болду. Бул көрсөтүү менен бирге өкмөт жаңы жыл алдында отчет берип, өкмөттүн иштеп жаткандыгын элге көрсөтүүгө аракет кылды. (BD)

XS
SM
MD
LG