Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:54

Израил мээримдүүлүк кылып, Газанын чек арасын ачты


Жума күнү Израил гумманитардык жардам өтүүсү үчүн Газа тилкесиндеги бир нече чекара бекетин ачты. Израил жетекчилиги камоону токтордон мурда палестин согушчандары ракетадан аткылоосуну токтотпосо, катуу чара көрүлөрүн эскертти. Чекара канчага чейин ачык болору белгисиз.

Израил Газанын чек арасын эларалык коомчулуктун кайрылуусунан улам ачты. Бейшемби күнү палестиндердин ХАМАС кыймылынын ээлигиндеги аймактын эли ачка калуу коркунучу алдында турганын Улуттар Уюму эскерткен. Дагы бир аз болсо Газанын жылуулук станциялары да иштебей калмак. Андан бир күн мурда - бейшемби күнү - Израилдин коргоо министри Эхуд Барак жөөт жарандарын аткылоо токтотулбаса, тийиштүү чара көрүлөрүн катуу эскерткен:

- Кимде ким израилдик жарандарга жана жоокерлерге зыян келтирсе, токтоосуз жазасын алат.

Чекара канча күн ачык болот, азырынча белгисиз. Газаны камсыздоо иштеринин башчысы Раед Фатту билдиргенге караганда, жума күнү гана дан, азык түлүк жана күйүүчү май жүктөлгөн 90 автокербен палестин тарапка өтмөк.

25-декабрда премьер-министри Эхуд Олмерт да ХАМАС менен «Ислам жихади» тобунун согушчандарынын Газадан туруп жөөт жарандарын аткылоосун Израил жөн кара тура албайт деп, өзү белгилегендей «акыркы ирет» кайрылды.

Олмерттин «опузасына» «куш дегенден башка айлабыз жок» дейт Газанын тургуну Раед Кафална:

- Бул эскертүүдөн кийин Израилдик аскерлер басып кирет деп күтүп жатабыз. Алар басып кирсе да, азыркы ит жашообуз мындан ары жаман болуп кайда барат. Жок турмушта жөөт аскерлери басып киргенден эмнебизден ажырамак элек. Эми эмне кылалы?

Маалымат агенттиктеринин билдиришинче, акыркы бир жумада Газадагы палестин согушчандары Израилди көздөй 200дөн көп ирет ракета жана башка куралдардан аткылады. Бул аралыкта Израил аскерлери алты согушчанды жок кылынды.

Израил менен Газанын чек арасындагы катаал жагдай Мисирдин президенти Хосни Мубарак менен Израилдин тышкы иштер министри Ципи Ливнинин бейшемби күнкү кездешүүсүндө да талкууланды. Ливни айым Каирде болгон сүйлөшүүдөн кийин: «ХАМАС биздин тынчтыкта жашоо ыкласыбыз Израил бу сыяктуу кырдаалга моюн сунуп калат дегенди түшүндүрбөсүн билиш керек. Буга чейинкиси да жетишет», деп, жагдай өзгөрүүгө тийиш экенин белгилеген.

Израил жана ХАМАС ортосунда Мисирдин арачылыгы астында июнь айында жетишилген алты айлык элдеши бир жума мурда токтогон болчу.

Башынан эле көпчүлүк серепчилер элдешүү келишими эки жактын ынтымак жашоо ыкласынан эмес, биринчи кезекте Газадагы оор абалдан келип чыкканын айтышкан.

XS
SM
MD
LG