Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:44

Чехиянын «ээрден ообос» саясатчысы - президент Васлав Клаус


Чехиянын президенти Васлав Клаус
Чехиянын президенти Васлав Клаус

Жаңы жылдан тартып Европа Биримдигинин төрагалыгы уюмду түптөөчүлөрдүн бири Франциядан уюмдун жаш мүчөсү Чехияга өтөт. Бирок Чех жетекчилигинде Биримдиктин иш жобосун аныктаган Лисабон келишими боюнча жалпы пикир жок. Ушундан улам, премьер-министр Мирек Топаленек Евробиримдиктин элдешпес сынчысы, өлкө президенти Васлав Клаустун бийликтеги Жарандык-демократиялык партиянын ардактуу төрагалыгынан кетүүсүн талап кылды.

Премьер-министр Мирек Топаленектин президент Васлав Клаусту бийликтеги Жарандык-демократиялык партия - ОДСтин ардактуу төрагалыгынан кетүүгө чакыруусу Евробиримдикке карата Чех жетекчилигинде болгон эки башка көз караштын айкын далили.

Васлав Клаус өзү түптөгөн орточул партиянын төрагалыгын 2002-жылы Топаланекке өткөрүп берип, 2003-жылдан бери өлкө президенти. Ал 2004-жылы Чехия Евробиримдикке кошулгандан мурда өлкө эми «чайга салынган канттай ээрип, эгемендүүлүгүн жоготот» деп чыккан. Ал эми 2007-жылы «Азаттык» радиосуна берген интервьюда, Евробиримдиктин принциптери бузулуп жатат деп, бул мисалды айткан эле:

- Евробиримдик биздин мамлекеттин символун билдирген тамгаларды мүмкүн болушунча майда кылып жазууда. Дүрбүң болбосо, катар бараткан машиненин номериндеги Нидерландияны билдирген Nl же Словакияны билдирген SK тамгаларын ажырата албайсың.

Президент Клаус жакында Евробиримдикти башкаруунун жоболорун аныктаган Лисабон келишимине Ирландия бекитмейин, ага кол койбосун эскертти. Чех парламентиндеги Клаустун тарапкерлери болсо келишимге кол койуу өлкөнүн башмыйзамына каршы келбесин аныктап берүүнү сурап, Конституциялык сотко да кайрылышып, колдоо табышпады.

Васлав Клаустун Европарламенттин Даниел Кон-Бендик башындагы делегация менен жолугушуусу да бир топ чууну жаратты. 67 жаштагы Клаустун Биримдиктин жашыл сары желегин жактырбасын билген Кон-Бендит анын Лисабон келишимине болгон мамилесине кызыкпаганын айтып: «Мен Сизге желекти алып келдим» дебейби!

Ошондо Клаус: «Мен мындай адеп 18 жыл мурда токтогон деп ойлоп, жаңылган экенмин» деп жооп кайрыйт. Клаустун бул сөзүнө чыдабаган Биримдиктин учурдагы төрагасы, Франциянын президенти Николас Саркози аны кечигип болсо да сынга алды:

- Адамдар кандай гана саясый орунда болбосун, Европарламенттин төрагасына жана Европанын символуна бул сыяктуу мамиле жасабаш керек. Бул сыяктуу жүрүм-турумга орун жок.

Чехиянын саясый системасында президенттин бийлиги премьер-министрдикине караганда бир кыйла чектелүү. Бирок президенттер демейде күчтүү саясатчылардын арасынан шайлангандыктан, президенттин коомдогу саясый аброю бийик. Ошондуктан, Чехия Евробиримдикке төрагалык кылган айда жүргүзчү саясат өкмөткө багыңкы болот, деп боолгойт Прагадагы Эларалык байланыштар институтунун серепчиси Петр Друлак:

- Реалдуу саясый жараян өкмөттүн президенттен бийлик мейкиндигин коргой алганына жараша болот сыяктуу. Чехиянын Евробримдикке төрагалык кылуусу Клаус кандай сүйлөгөнүнө же Топаланектин өкмөтүнүн ишине көзкаранды болот.

Чехия 2009-жылдын биринчи жарым жылында Евробиримдикке төрагалык кылат.

XS
SM
MD
LG