Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

2009 – мамлекеттик тилдин маараке жылы


Президент Бакиев катышкан расмий жыйындар негизинен орус тилинде өтүп жүрөт.
Президент Бакиев катышкан расмий жыйындар негизинен орус тилинде өтүп жүрөт.

Келерки жылы кыргыз тил мыйзамынын кабыл алынганына 20 жыл болот. Ушуга байланыштуу “Асаба” улуттук партиясы 2009-жылды мамлекеттик тил жылы деп жарыялоону сунуш кылып президентке жана парламентке кайрылган экен. “Асабанын” лидери Советбек Жамалдинов “Азаттыктагы” маегинде ушул демилгенин маани - максаты жөнүндө айтып берди.

- Келерки жылды мамлекеттик тил деп жарыялоо боюнча чечим кабыл алынган-алынбаганы тууралуу кабар барбы азыр?

- Азырынча жооп келелек, биз партиянын атынан ушундай сунуш киргизгенбиз.

- Мамлекеттик тил катары кыргыз тилинин деңгээлин көтөрүү үчүн өкмөт эмне иш кылыш керек, кандай сунуштарды бердиңиздер эгер мамлекеттик тил жылы деп жарыяланып калса?

- Бул мамлекеттик тил жылы болуп калса, биз сунуш киргизип атканыбыздын себеби, эмдиги жылы 23-сентябрда мамлекеттик тил мыйзамы кабыл алынганына 20 жыл болуп атат. Андан тышкары башкы мыйзамга 1990-жылы да киргизилген мамлекеттик тил деп, 2000-2010- жылкы программа да кабыл алынган.

Андан тышкары Акаевдин учурунда Бакиев өзү тилди өнүктүрүү боюнча жарлык жарыялаган. Ошолордун аткаруусун гана талап кылып атабыз. 20 жылдыкты татыктуу тосуп алыш үчүн анализ кылып, бул тил мыйзамы кандай аткарылып атат, анын жыйынтыгын чыгарып, 20-жылдыкты жакшынакай тосуп алуу максатында гана ушул сунушту киргизип атабыз.

Себеби көп жаны мыйзамдын деле кереги жок, ошол мыйзамда баары так, жакшынакай мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө бүт жазылган, ошолор аткарылбай жатат. Эгерде ушуга көңүл бура турган болсок, 20 жыл деген бул бир муун чоңоюп калган жыл болуп жатпайбы, ушуга көңүл бура турган болсок, анализ кылып, тактап чыгыш керек эле.

Ошого жараша иш чаралар колдонулат эле. Эгер көңүл бурулбай, бул жыл мамлекеттик тил жылы болбосо, анда дагы эле баягыдай эч көңүл бурулбастан эле өтүп кетеби деген ой болуп атат. Программанын кабыл алынганына да 9 жыл болуп жатат. Эмдиги жылы 10 жылдыкта кандай отчет беребиз деген ойлор да айтылып, ушундай сунуш киргизгенбиз.

- Сиз айтып атпайсызбы тил жөнүндөгү мыйзам жакшынакай жазылган, бардыгы жайында, бирок ошол мыйзам аткарылбай жатат деп. Ошого эмне тоскоол болуп жатат? Эгер андай болгондо жетекчилердин эркине байланыштуу болуп атабы, же башка тоскоолдуктар барбы? Эмне үчүн кыргыз тили мамлекеттик тил катары өнүкпөй атат?

- Биринчиден, туура айтасыз, бул мамлекеттик тилдин өнүкпөй жатканына бийликтеги өкмөттүк кызматкерлердин ушуга көңүл бурбай жаткандыгы эң негизги себеп. Андан тышкары буга сөзсүз түрдө эрк эле эмес, өзүбүздөн дагы көп нерсе туура эмес кылганыбыздан болуп жатат. Бардыгыбыз расмий тилде сүйлөп, кыргыз тилинин өнүкпөй жаткандыгына эч ким үйрөнбөй расмий тилдин жүрүп жатышы, ошол расмий тилге гана шарт түзүлүп калышы бизге негизги тоскоол болуп жатат го деп ойлойм. 20 жылдын ичинде бир тилге бир тил тоскоол болуп калган шарт түзүлүп калды окшойт.

- Мисалы, албетте мамлекеттик жетекчилер жөнүндө сөз болгондон кийин, биздин өкмөт башчы Игорь Чудиновду мамлекеттик тилге үйрөтүү демилгесинен дагы азырынча майнап чыкпай жаткандыгы тууралуу маалыматтар айтылып атат. Ошол эле мезгилде мамлекеттик тилди алып жүрүүчүлөрдүн өздөрүнөн көз карандыбы деген маселенин көтөрүлүшү дагы фактыдан улам келип чыгып атат. Мисалы үчүн юстиция министрлигинде иш кагаздар мамлекеттик тилде жүргүзүлө баштады эле. Министр алмашаары менен кайра башка расмий тилге өттү. Коргоо министрлигинде деле ошондой жагдай түзүлүп атат. Бул үчүн жетекчилердин алмашышы бир нерсе ойнойбу, же болбосо кандайдыр бир башка ыкмалар керекпи иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү үчүн. Сизде кандайдыр бир сунуш барбы бул боюнча?

- Башка ыкмалар керек. Буга бийлигибиздин, президентибиздин эрки керек. Себеби бүт региондордо иш кагаздар мамлекеттик тилде жүрүп эле жатат. Анан эле биздин борборубузга келгенде, мамлекеттик деңгээлдеги чиновниктерге келгенде эле бүт баары орусчаланып калып атат. Буга менин оюмча, президент ушул мыйзамдын аткарылышына жооп бериши керек.

- Маегиңизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG