Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Чехия Евробиримдикке татыктуу төрагалык кыларына ишенет


Чехия 1-январдан тартып, жарым жыл бою Евробиримдикке төрагалык кылат. Дипломаттык чөйрөлөрдө килейген Франциядан кийин төрагалык кылуу Чехия үчүн өтө оор болорун боолгошууда. Буга өлкө президенти Васлав Клаустун Биримдикке болгон сын көзкарашы, премьер-министр Мирек Топаланек менен ымаласы жоктугу жана Прага-Москванын арасындагы араздашуу негиз болууда. Чехиянын АКШнын ракетадан коргонуу планына кошулуусуна Россия катуу нараазы.

Чехиянын Евробиримдикке төрагалык кылуусунун ийгилиги Россиянын тилин табууда экенин Брюсселде иштеген чех дипломаттары жашырышпайт. Москва тилге келбей, кезерип туруп алса, Россия-Евробиримдик арасындагы мамиле осолдоп же Грузия темасы, отун энергия коопсуздугу сыяктуу маселелер дагы курчуп, Москва Биримдиктин Франция, Германиядай чоң өлкөлөрү менен эки жактуу алыш-беришке басым жасашы ыктымал.

Россия Грузия боюнча Франциянын президенти Николас Саркозинин арачылыгы менен жетишилген милдеттенмелерин аткарбай, Чехиянын төрагалык вазийпасын дагы татаалдатышы мүмкүн. Москва анткени АКШнын радарлык станцияларын Чехияга жайгаштыруу планына өтө нааразы жана каршы.

Саркози да 31-декабрда Франциянын Евробиримдиктеги төрагалыгы аяктагандан кийин да Биримдиктин саясый жүзү болууну жана чоң өлкөлөр менен түз сүйлөшүүнү оң көргөнүн айтып жүрөт.

Андан тышкары Биримдикке мүчө мурдакы посткоммунисттик өлкөлөр да Чехия уюмга үзүрлүү төрагалык кыларына көп ишене беришпейт.

Чех өкмөтү Евробиримдикке төрагалык кылуунун катаалдыгын моюнга алуу менен интеграция жараянын улантууга өзгөчө көңүл бурмакчы. Орун басар премьер-министр Александр Вондранын «Азаттыкка» айтышынча, Чехия төрагалыкка эки жыл даярдык көрдү жана үч багытка көңүл бурмакчы:

- Биздин иш программабыз үч багытка: экономикага, энергияга жана Европанын дүйнөдөгү ордуна артыкчылык берет. «Европа дүйнөдө» деген, Батыш АКШнын жаңы администрациясы, ошондой эле Чыгыш менен иштешебиз дегенди билдирет. Биримдикке Чехия төрагалык кылып жатканда Украина, Молдова, Армения, Азербайжан, Грузия, Беларус менен «Чыгыш өнөктүгү» келишими түзүлөт.

Вондра өлкө президенти Клаустун Евробиримдикке болгон сынчыл көзкарашы Чехиянын төрагалык кылуусуна жолтоо боло албайт деп, анын жайын мындай түшүндүрөт:

- Президенттин ролу конституцияда даана көрсөтүлгөн. Евробримдиктин Кеңешине премьер-министр төрагалык кылат. Ал үчүн премьер-министрде коалициялык өкмөттүн жана Биримдикке мүчө 27 өлкөнүн мандаты бар.

Орун басар премьер-министр Александр Вондранын айтымында, Васлав Клаус президент катары Европарламентте сүйлөйт, Прагага келген даражалуу конокторду кабыл ала берет жана Россия-Евробиримдик ортосунда болчу сүйлөшүүгө төрагалык кылышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG