Чүй боорунда орун алган Токмок калаасы XIX кылымдын экинчи жарымында орус администрациянын корголгон чеби катары түптөлүп, кийин ал Түркстан генерал-губернатордугуна караштуу Жетисуу областындагы Токмок уездине айландырылган. Бара-бара ал шаар статусун алып, мында жашаган калктын саны арткан.
Орус администрациясы 1870-жылы Токмоктун шаар статусун алып, аны Верный шаарына ыйгарганына карабастан, ал Чүй өрөөнүндөгү стратегиялык жер шартына жараша аймактагы маанилүү түйүн кызматын аткара берген. Империялык бийлик тарабынан 1913-жылдын 1-январында жүргүзүлгөн статистикалык тактоого караганда Токмокто 7516 адам жашап, мында бир канча тери иштетип, май чыгарган завод жана тегирмендер орун алган.
Кыргызстанга жер которгон орус адамдарынын эсесинен XX кылымдын баш ченинен тарта мында жашаган калктын саны өскөн. Падышалык бийлик тарабынан 1914-жылдын 1-январында жүргүзүлгөн эл каттоого караганда Жети суу областындагы станицаларда 54 340 адам жашаган.
Падышачылык Россия жергиликтүү сүткорлордун кызыкчылыгын коргоо максатында, Фергана өрөөнүндө кооперациялык кредит системасынын жанданышына колдон келген тоскоолдуктарды жасап келген. Биринчи дүйнөлүк согуш айынан империяда пахта тартыштыгы байкалып, падышалык бийлик Фергана өрөөнүндөгү кооперациялык кредит системасынын аргасыз курууга барган. Анын натыйжасында, Ош шаарында насыя акча бере турган жайлар ачылып, 1915-жылдын 1-январында бир канча кредиттик жайлар катталган.
Кыргызстанда XIX кылымдын биринчи жарымынан тарта мектеп, медреселер ачылып, бара-бара алардын саны жана анда окуган адамдардын саны өсө баштаган. Пишпек уездинин калкы 1913-жылдын 1-январына карата 109 200 адамга жетип, мында 59 мектеп орун алып, аларда 1182 бала жана 131 кыз билим алган. 104 000 калкы бар Пржевальск уездинде 128 мектеп иштеп, аларда 2276 бала, 42 кыз окуган.
Кыргыз калкынын саны жана алардын жашаган аймагы туурасында маалымат XIX кылымдын соңунан тарта жүргүзүлө баштаган. Россия империясынын колониалдык бийлигинин 1897 жана 1913-жылдар арасында жасалган статистикалык тактоосу боюнча кыргыз калкынын саны 16-жыл ичинде 218 800 адамга өсүп, 1913-жылы алардын жалпы саны 603 714 адамга жеткен.
Кыргыз тилинин жаңы жазуу эрежелери туурасындагы мыйзам 2003-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген. Жаңы эрежеге ылайык башка тилдерден кирген сөздөрдү угулушуна жараша жазуу; татаал жана кошмок сөздөрдү бирге жазуу талаптары колдонууга алынган.
Бул күнү, 1961-жылы Советтер Союзунда акча реформасы жүргүзүлүп, 1967-жылы «Время» маалымдоо программасы эфирге чыгарылып, 1863-жылы эларалык олимпиадалык кыймылдын негиз салуучусу Пьер де Кубертен, 1893-жылы советтик генерал Иван Панфилов, 1912-жылы атактуу тыңчы Ким Филби, 1933-жылы айтылуу актер Семен Фарада жарык дүйнөгө келген.