Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

Израил-ХАМАС тирешүүсү качан бүтөрү белгисиз


Израилдин Газадагы чабуулу алты күндөн бери уланууда. Премьер-министр Эхуд Олмерттин билдиришинче, ХАМАСтын Израилди көздөй ракета атуулары токтотулар замат, жөөт аскерлеринин Газадагы операциясы аяктайт. Израиль армиясы басып кирсе, ага каршы согушканга даяр экенин ХАМАС билдирди.

27-декабрда Израиль Газа операциясын баштагандан бери палестин тараптан 400дөн ашуун палестиналык жана төрт жөөт жараны набыт болду жана уруш качан токтоору беймаалым.

27-декабрда Газа операциясы башталгандан бери Израилдин учактары ХАМАСка караштуу деген 500дөн ашуун жайга сокку урду. Алардын ичинде Палестин парламентинин имараты жана башка өкмөттүк мекемелер, курал алып кирүү үчүн пайдаланылган тунелдер, ХАМАС ракета аткан жайлар бар.

Бейшемби күнү ХАМАСтын саясый жетекчилеринин бири Низар Раян өлтүрүлдү. ХАМАСтын маалымдашынча, Раян менен кошо төрт адам, ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрү да өлгөн. Низар Раян-Израилде жанкечтилердин чабуулун күчөтүүнүн демилегичиси болчу.

Израилдин чабуулунун өлгөндөрдүн саны 400дөн ашты. Улуттар Уюмунун маалымдашынча, өлгөндөрдүн 25 проценти карапайым жарандар. Израил тараптан төрт киши өлүп, ондон ашуун адам жарадар болгону айтылууда.

Бейшемби күнү ХАМАСтын «Изедин ал-Касам бригадасы» Израилдин Хатцерим аба базасын ракетадан аткылады. Эларалык коомчулуктун чакырууларына карабай, эки жак атышууларды качан токтотору белгисиз.

1-январда Израилдин премьер-министри Эхуд Олмерт согуш жакын арада басылат деген үмүтүн билдирди:

- Биз өз максатыбызга мүмкүн болушунча тез жетебиз деген үмүттөмүн. Бизде узакка согушалы деген ниетибиз жок.

Израил Газа тилкесинин түндүк четине танктары менен оор аскерий техникасын топтоодо жана резервдеги аскерлерин куралга чакырды. Бирок жөө аскерлери качан чабуулга өтөөрү белгисиз. ХАМАСтын өкмөт башчысы Исмаил Ханиянын сөзүнчө, палестиндер танкаларга каршы согушууга даяр.

Газанын ооруканалары даары-дармектин тартышыгынан улам жарадар болгон адамдарга жардам көрсөтүүгө чамасы жетпей жатат. Ибрагим деген палестиндин «Ройтерс» агенттигине Газанын калкына кезексиз эч нерсе албай калды дейт:

- Биз Араб өлкөлөрүнө, Улуттар Уюмуна, дүйнө өлкөлөрүн кайрылып, бизди кантип өлтүрүп жана кырып жатканын көргүлө, биздин нанга жана күйүүчү майга узак кезек күткөнүбүздү көрүп, жардам бергиле деп чакырабыз. Ар нерсе үчүн кезекке турабыз.

Газадагы кырдаал 31-декабрда БУУнун Коопсуздук Кеңешинин кезексиз жыйынында талкууланып, башкатчы Пан Ги Муун жоолошкон тараптарды ок атууларды токтотууга чакырды. Ливия Кеңешке Израилди «ашыкча күч колдонду» деп айыптаган резолюциянын долбоорун киргизип, бирок колдоо таппады. Долбоордо ХАМАС жөнүндө эч нерсе айтылбаптыр деп, аны АКШ жана Британия колдогон жок.

XS
SM
MD
LG