Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:45

Москва менен Киев ортосунда газ чатагы уланууда


1-январда Орусия Украинага көгүлтүр отун берүүнү токтотту. Бул туурасында «Газпром» компаниясынын өкүлү саат 10до билдирди. Газды Украинага жиберүү боюнча келишим мөөнөтү бүткөнгө жана 2009-жыл үчүн «Нафтогаз» менен «Газпром» келишим түзө электигине байланыштуу токтотулду деп жарыяланды.

Жыл этегинде Москва сунуштаган баа - ар бир миң кубометр газ үчүн 418 доллардан болчу. Бирок Киев көгөрүп, келишимге кол койбой туруп алганда, Кремл бийлиги акыны 250 долларга түшүргөн. Бирок Киев аны да кымбат деп 201 доллардан акы төлөөгө даяр экенин биилдирүүдө.

Киевден ар миң кубометр көгүлтүр отун үчүн Москва 418 доллардан акы сураган. Бул баа батыштык башка өлкөлөрдөн алынчу акыга чукул дешет. Бирок кризис кычап турганга байланыштуу Украина үчүн оор экенин жана анын өзү Эл аралык валюта корунан 14 миллиард доллар насыя сурап кайрылганын айтышат.

Москва өткөн жылдын этегинде жаңы келишим түзөрдө көгүлтүр отун үчүн кымбат баа атаганда чыр башталган. Бирок Орусия 31-декабрь түнү алдыңкы эки ай үчүн Киев карыз калган акысын арзан баа менен төлөсүн деп билдирди. Орусиянын премьер-министри Владимир Путин мындай деген:

- Украиндик өнөктөшүнө «Газпром» компаниясы көгүлтүр отунун 250 доллардан сатууну сунуштап жатат.

31-декабрь түнү Киевден келген кабарда президент Виктор Ющенко менен өкмөт башчы Юлия Тимошенко биргелешип жасаган билдирүүдө орусиялык ар миң кубометр газ үчүн 201 доллардан акы төлөө ылайыктуу делинет.

1-январь күнү түшкө жуук Украин жери менен батышка өтчү куурдагы көгүлтүр отун өлчөмүнөн 300 миллион кубометрин кармап, өткөрбөй турабыз, бирок европалыктарга жөнөтүлчү көгүлтүр отун көлөмүн 20 пайызга көбөйтүп жибере баштадык деп билдирди орусиялык «Газпром» компаниясынын өкүлү Сергей Куприянов.

Кошумчалай кетчү жери, Евробиримдикке кирген мамлекеттер жагып аткан көгүлтүр отундун төртөн бири Орусиядан барат жана анын 80 пайызга чукулу Украин жери менен өтөт. Ошол себептен Кремл бийлиги европалык отун сатып алуучуларды газ менен камсыз кылууда ара жолдо Киев андан алып жагып, үзгүлтүккө учурайт деп кабатыр болууда.

Байкоочулар Батышка Орусиянын газ сатуусу саясатка аралашып кеткенин кайра-кайра белгилешүүдө. Мамлекеттин карамагындагы «Газпром» атаандашы болбогондуктан бааны өзү билгендей бычып, тигил же бул өлкөгө кысым көргөзүүдө дешет алар. 2008-жылы Украина орусиялык ар бир миң кубометр газ үчүн 179,5 доллардан акы төлөп келген.

Евробиримдикке кирген өлкөлөр Украина менен Орусиянын газ чатагын 2006-жылы болгон кармаш менен салыштырышууда. Ал жолу анын айынан кыйынчылыкты биз, көгүлтүр отун алып жагуучу мамлекеттер тартык эле дешет.

XS
SM
MD
LG