Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Израил танктары Газага басып кирди


Израил армиясы бир жумадан бери Газа тилкесин абадан бомбалап келген болчу. Кечээ ишемби күнү анын танктары чек араны кесип өтүп, жерден кол салды. Салгылаштардын алгачкы саатында Газанын 19 тургуну окко учканы айтылууда.

Израил армиясынын чабуулу ишемби күнү көз карайганда башталды. Жүздөгөн танктар коштогон миңдеген аскер чек араны бир нече жеринен жырып өттү. Алар түз эле деңиз жээгин көздөй бет алганда, Газа иш жүзүндө экиге бөлүнүп калды.

Мындан көп өтпөй Израилдин коргонуу катчысы Эхуд Барак сыналдыган чыгып, Израилдин элине Газа тилкесин башкарган Хамас уюмуна каршы өнөктүк жакын арада бүтпөй тургандыгын эскертти:

Биз бардык мүмкүнчүлүктөрдү жакшылап салмактап көрдүк. Согушка суусап турган жокпуз, бирок шаар-кыштактарыбыздын, элибиздин такай Хамас тарабынан бутага алынган кырдаалга жол бере албайбыз. Бул жеңил же кыска убакытка созулуучу өнөктвк эмес, бирок өз максатыбызга жетүүгө чечкиндүүбүз.

Чабуулдар көбүнесе Газанын түндүгүндө орун алууда. Газа шаарынын айланасында жана Жабалия калаасынын сыртында оор салгылаш жүрүп жаткандыгы кабарланды. Жерден чабуул башталгандан бери Израил 30 аскери жаракат алгандыгын маалымдады. Палестин дарыгерлери Газада кеминде 19 киши, анын ичинде 5 карапайым тургун набыт болгондугун билдиришти. Ошондой эле Хамас уюму эки израил аскерин туткундаганын ырастады.

Анын аралыгында Израил учактары туннелдерди, курал кампаларын бомбалоону улантууда. Ал эми кемелер деңизден Хамастын буталарын аткылап жатышат.

Бомбалоону мындан бир жума мурда баштаганда Израил Хамастын ракетадан аткылоосун токтотуу максатын көздөөрүн айткан. Бирок БУУнун эсебинде, андан бери 450 палестин каза тапса, алардын жарымы карапайым тургундар болду. Жардам агенттиктери Газа тилкесинде таза суу, тамак-аш, дары-дармек тартыш экендигин эскертишүүдө. Палестиндердин БУУдагы туруктуу байкоочусу БУУнун Коопсуздук кеңешин Израилден кур дегенде агрессиясын токтотууну талап кылбаганын айыптады.


XS
SM
MD
LG