- Топчубек мырза, саясий куугунтукка каршы комитетти түзүүгө эмне түрткү болуп жатат?
- Биринчиден, Кыргызстанда тээ Союз мезгилинен берки саясий куугунтук ушул күнгө чейин токтогон жок. Саясий куугунтуктун түркүн түрлөрү пайда болуп жатат. Экинчиден, акыркы жылдары Бакиев башында турган бийлик тушунда саясий куугунтук ого бетер күчөй баштады.
- Фактыларга токтоло кетсеңиз...
- Саясий куугунтуктун эң негизги түрлөрүнүн бири - бул саясий себептери болсо да аны айтпай туруп, саясий майданда бийликке каршы күрөшүп жаткандарга кылмыш ишин козгоо орун алат, же болбосо кечээ күнү бийликте туруп, анан бийликтен кеткен адамдарга каршы ар кандай шылтоолор менен кылмыш ишин козгоп, куугунтук салына баштайт. Мисалы үчүн, Аликбек Жекшенкулов. Ал кечээ күнү эле министр болуп жүргөн. Азыр “Акыйкат үчүн” кыймылдын жетекчиси болуп иштегенден бери уламдан-улам кылмыш ишин козгоп жатышат. Исмаил Исаков да кечээ күнү эле министр болгон. Бакиевдин тушунда колу таза, эң бир мыкты иштеген өтө сейрек миинстрлердин бири болгон. Ага да куугунтук башталды.
Ал эми укук коргоочуларга каршы саясий куугунтук мурда да болгон, азыр да токтогон жок. Журналисттерге каршы куугунтук башталды. Мисалга айтсак, “Де-факто” гезити жабылды. Анын таланттуу жамааты таркап кетти. Башчылары ушул күнгө чейин бул бийликтен качып жүрөт. Андан башка укук коргоочуларды айта турган болсок, кечээ күнү эле Төлөкан Исмаилова соттолуп, беш-алты күнгө камалды. Мен азыр Кыргызстанга эле эмес, эл аралык чөйрөгө белгилүү болуп калган адамдар тууралуу айтып жатам. Ал эми Кыргызстандын жалпы жамааты билбеген жер-жерлердеги лидерлерди куугунтуктоолор көп.
- Ушундай көрүнүштөргө каршы кандай күрөш жүргүзөсүздөр? Эл аралык уюмдар менен байланышта болосуздарбы?
- Биринчиден, Саясий куугунтукка каршы комитет мен баш болгон “Адам эркиндиктери жана укуктары” деген институттун аты менен түзүлөт. Ал Элдик революциялык кыймылдын алдында болот. Экинчиден, бул комитетке жалаң гана саясатчылар эмес, журналисттер, юристтер, адвокаттар кирет. Мен беш-алты юрист, адвокат, саясатчылар менен макулдаштым. Жакынкы бир жуманын ичинде курамы толукталат. Менин оюмча, январдын ондоруна карай жарыялайбыз.
Ал эми кандай жол менен күрөшүү дегенге келгенде, Кыргызстандын конституциясынын башка бөлүктөрү начар болсо да адам укуктары деген бөлүгү эл аралык укукту эске алган. Кыскасы, бир жагынан Кыргызстандын баш мыйзамы жана башка мыйзамдарынын негизинде, экинчи жактан Бириккен Улуттар Уюмунун документтеринин негизинде иш жүргүзөбүз.