Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:34

И.Аласаниа: “Грузия жаңы өкмөткө муктаж”


Грузияда саясий кырдаал курчуп, президент Михаил Саакашвилиден көңүлү калгандардын саны көбөйгөн сайын, президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөрүлсө, Саакашвилинин болжолдуу мураскору ким болору тууралуу божомолдор көп айтыла баштады. Көпчүлүк болочок лидер Грузиянын Бириккен Улуттар уюмундагы мурдагы элчиси Иракли Аласаниа болорун айтышууда.

Бир караганда бала кыял жана сөзгө чечен Аласаниа - Саакашвили тарбиялаган жаш кадрлардын бири. Грузиянын Бириккен Улуттар уюмундагы элчилигине дайындалганга чейин Аласаниа президент Саакашвилинин груз-абхаз тынчтык сүйлөшүүлөрүндө атайын чабарманы болчу.

Аласаниа Саакашвили жүргүзгөн саясаттан көңүлү калып, анын Абхазия жана Түштүк Осетия менен мамилелерди жакшыртуудан баш тартканы үчүн өткөн айда БУУдагы элчилик кызматтан кеткенин “Азаттыкка” берген маегинде билдирген:

- Менин кызматтан кетүүмө акыркы бир нече жылда президенттин жаңжалдарды чечүүдө жүргүзгөн саясаты түрткү болду. Мен президенттин өкүлү жана абхаз сүйлөшүүсүндөгү арачы катары жаңжалдарды чечүүгө катыштым. Мына ушул кырдаал, менимче, абхаз тарап менен түз жана ачык сүйлөшүүлөрдө көптөгөн реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү жоготуп алганыбыз тууралуу айтууга мага уруксат берет.

Аласанианын атасы генерал болчу жана 1993-жылы абхаз-грузин жарандык согуштун акыркы күндөрүндө жикчилер тарабынан өлтүрүлгөн. Жеке трагедиясына карабастан Иракли Аласаниа абхаз бийлигинин ишенимине ээ болгон бир ууч аткаминерлердин бири.

2008-жылы май айында ал Сухумиге тынчтык келишимин түзүү үчүн барган. Келишим жарандык согуш маалында Абхазиядан чыгып кетүүгө мажбур болгон грузиндердин кайтып барышына жол ачмак. Бирок үч жылдык сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жетишилген бул келишимге эки тарап тең кол койгон эмес.

Аласанианын баамында, келишимдин кол коюлбай калышына бир чети расмий Москва күнөөлүү. Анын пикиринче, орусиялык жоокерлер чагым уюштуруу менен эки тараптуу мамилелердин бузулушуна шарт түзгөн.

Келишимдин кол коюлбай калышына Саакашвили дагы себепкер болгон, дейт Аласаниа. Анын баамында, келишимге кол коюлса, жикчил аймактардагы кырдаал курчумак эмес:

- Менимче, келишимге кол коюлганда согуштук аракеттердин ыктмалдыгы азаймак. Мен согуш болбойт эле деп так кесе айта албайм, бирок балким эки тарап ортосунда ишеним кыйла жогору болмок.

Августта Орусия менен болгон согуш Грузияны НАТОго мүчө болуу мүдөөсүнөн ажыратты жана Грузиядагы коопсуздук кырдаалдын кыйла начарлашына жол ачты деп эсептейт Аласаниа.

Августтагы согуштан кийин аз гана грузин Түштүк Осетиядагы кыштактарына кайтып барууга батынды. Бул он миңдеген качкындар талаада калды дегенди билдирет.

Аласанианын айтымында, эл аралык байкоочулар болмоюн, жикчил аймактарда согуш отуну кайра тутанышы ыктымал:

- Коркунуч дагы эле кала берүүдө. Себеби аскер күчтөрүн көзөмөлдөө үчүн атайын механизм жок. Тилекке каршы, европалык байкоочуларга бул аймактарда көзөмөл салууга тыюу салынды. Эл аралык байкоочулар бул аймактарга жайгаштырылышы керек эле. Бул бизге орусиялык жоокерлердин жана жикчил күчтөрдүн аракеттерине көзөмөл салууга мүмкүнчүлүк бермек. Бул өз кезегинде жикчил аймактарда калган грузин атуулдарынын укуктарын коргоого жардам берет эле.

Аласаниа Тбилисиге келгенден бери кабарчылар менен аз жолугуп, оппозициячыл саясатчылар менен көбүрөөк сүйлөштү. Президент болуу дымагы тууралуу суроо узатылганда, Аласаниа суроого түз жооп бербестен, улуттук биримдик тууралуу сөз баштайт.

Аласаниа жаңы шайлоо кодексин кабыл алууга чакырат. Анын айтымында, биримдикке негизделген жаңы өкмөт демократиялык принциптерге таянып, болочок президентти августтагы согуш өңдүү аракеттерден сактай алмак.

XS
SM
MD
LG