Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Түркия Жакынкы Чыгышта таасирдүү арачы болууну көздөйбү?


Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган
Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган

Түркия – Израилдин олуттуу өнөктөшү. Эки өлкө ортосунда аскердик жана экономикалык байланыштар кыйла жакшы өнүккөн. Бирок Түркиянын премьери Израилдин Газадагы чабуулун кескин сынга алды.

Өткөн аптадагы Жакынкы Чыгышка сапары маалында Эрдоган Израилди “катаал аракеттери” үчүн айыптап, Израил өкмөтү менен Хамас уюмун ок атышууларды дароо токтотууга чакырды. Түркиянын Адилеттик жана Өнүгүү партиясын жетектеген Режеп Тайып Эрдоган учурда аймактагы элдин сезимине ойноп жатабы? Же ал Израил-Түркия байланышын кайра карап чыгуудабы?

Жекшемби күнү (4-январда) Түркиянын өкмөт башчысы Израилдин абадан жана жерден Газа тилкесин чабуулга алышын “кабыл алууга болбой турган иш-аракет” деп сыпаттады. “Алла Таала эртеби-кечпи айыпсыздардын укугун бузгандарды жазалайт” деп кошумчалады Эрдоган.

Түрк сыналгылары Режеп Тайып Эрдогандын өткөн аптада Жакынкы Чыгыштагы төрт өлкө - Египет, Иордания, Сауд Арапстан жана Сирияга сапары маалында жасаган билдирүүсүн байма-бай чагылдырышты. Бул сапары маалында Эрдоган Израил менен палестиндик Хамас уюмун өз ара мунасага келүүгө чакырды.

Бирок Эрдоган расмий Израилдин саясатына нааразылыгын сөз жүзүндө гана билдирип чектелген жок. Түрк өкмөт башчысы Жакынкы Чыгышка сапарынын алкагында Израилге атайылап барбай койду. Эрдоган Израил менен Сириянын жашыруун сүйлөшүүлөрүнө Анкаранын арачылык аракеттерин токтотуп салды.

Ушундан улам бир суроо жаралат – Газа тилкесиндеги кризистен улам Эрдоган Израил менен Түркиянын ортосундагы мамилелерди кайра карап чыгуудабы, же өзүнүн исламчыл партиясынын көпчүлүк мүчөлөрүнүн палестиндерди жактаган сезимине жетеленип бердиби?

Лале Сарибрахимоглу айым (Lale Saribrahimoglu) – Түркиядагы белгилүү “Бүгүнкү Заман” гезитинин саясий бандамачысы. Анын айтымында, Эрдоган калайыктын Израил менен байланышты басаңдатууга чакырган кысымы алдында калды:

- Өлкөдө чечим кабыл алган адамдарды Израил менен аскерий жабдуулар тууралуу макулдашууну жокко чыгарууга чакырган ири көчө демонстрациялары улам кеңири жайылууда. Акыркы макулдашууга Израил Газа тилкесине абадан сокку ураардан эки күн мурда эле кол коюлган. Азырынча, Израил Газа тилкесине абадан сокку ургандын экинчи күнүндө сурашканда, түрк бийлиги бул аскердик соккуларга Израил менен Түркиянын ортосундагы аскердик макулдашуунун эч тийешеси болбогондугун айтышкан.

Түркия 1996-жылы Израил менен аскерий макулдашуу түзгөндөн бери анын аймактагы орчун өнөктөшү болуп саналат. Эки өлкө биргелешкен аскерий машыгууларды өткөрүп, андан тышкары Израил Түркиянын куралдуу күчтөрүнө ар кыл курал-жарак сатып келет.

Сарибрахимоглу айымдын айтымында, 2007-жылы Израил Түркияга 2 миллиард долларга курал саткан.

Бирок 2003-жылдан бери өкмөттү башкарып жаткан Эрдоган Израил менен Палестин ортосундагы жаңжалды Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчилигинен айырмалуу нукта баалап жаткандай сыяктанат.

2006-жылы Эрдоган расмий Вашингтон менен Израил өкмөтүнүн кескин айыптоосуна карабастан, Хамастын жогорку даражалуу өкүлдөрүн Стамбулда тосуп алган. Түркия өкмөтү бул аймакта Газа тилкесиндеги Хамастын бийлигин тааныган азганактай өкмөттөрдүн бирине кирет. Хамас уюмунун Газадагы бийлигин ал түгүл Палестинанын президенти Махмуд Аббастын өзү да расмий тааный элек.

Израил Газа тилкесине аскердик чабуулун баштаганда Эрдоган телефон аркылуу Хамастын лидери Исмаил Хания менен сүйлөшүп, андан тышкары Иран президенти Махмуд Ахмадинежад менен да байланышта болуп турду. Мунун бардыгы Эрдоган башындагы исламчыл өкмөттүн акыркы жылдары жүргүзгөн саясатынын уландысы катары каралууда. Тышкы саясатында азыркы Түркия өкмөтү Грекия жана Кавказ менен дагы дипломатиялык алакаларды түзүү аракетинде.

Сарибрахимоглу айымдын айтымында, Эрдогандын өкмөтү Түркияны Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдарда бейтарап арачы катары көрсөтүүнүн аракетинде. Ушундан улам расмий Анкара Хамас менен сүйлөшүп жаткан маалда да расмий Израил менен байланышты үзгүлтүккө учуратканга шашылбайт, дейт Сарибрахимоглу айым:

- Өз душмандарыңар же каршылаштарыңар менен сүйлөшүүгө барбасаң, анда кантип алар менен баарлаша алмакчысың? – дал ушул мамиле Түркия жүргүзгөн саясаттын өзөгүн түзөт. Мына ушундан улам, Түркия Израилге каршы кескин билдирүү жасаганына карабастан, иши кылып чынчыл арачы көрүнүү үчүн эле бул өлкө менен байланышты үзүүгө барбайт. Мындай кадамга барса, анда бул кадам Түркияга бейтарап арачы болууга жардамчы болмок эмес.

Израилдин айрым расмий өкүлдөрү Эрдогандын Газа тилкесиндеги кризис тууралуу билдирүүсүнө эмоцияга алдыргандык катары баасын беришти. Маселен, Жерусалем Пост басылмасы айрым израилдик төбөлдөрдүн ушундай пикирин жарыялады.

Палестин жоочуларынын Хамас тобу 2006-жылы парламенттик шайлоодо жеңишке ээ болгон. Бул топ 2007-жылы Газа тилкесиндеги бийликти өз колуна топтоого жетишкен. Хамас уюму Израилди мамлекет катары таануудан баш тартып келет.

XS
SM
MD
LG