6-январда Европа Биримдиги Киев менен Москваны газ талашын чечип, батышка карай аккан газга тоскоолдук түзбөөгө үндөгөн. Шаршембинин таңынан болсо орус газын Европага жеткирүү токтоп калды. Болгариянын премьер-министри Сергей Станишев жалпы европалыктардын камтамачылыгын мындайча билдирди:
- Бүтүндөй Европа биримдиги, өзгөчө түштүк-чыгыш европалык өлкөлөр Газпром менен Украина ортосундагы талаштын барымтасында калды. Алар 2009-жылкы контракт боюнча мунасага келе албай жатышат. Биз үчүн мындай кырдаал кабыл алгысыз.
Орус газынан толугу менен көз каранды болгон Болгарияда мектептер, айрым ишканалар жабылууга аргасыз болду.
7-январда эртең менен Газпромдун төрага орун басары Александр Медведев Украина Европага газ ташыган төртүнчү жана акыркы түтүктү жаап салганын кабарлады. Украинананы мамлекеттик Нафтогаз компаниясы болсо газ Украинага жетпегенин, орустар аны берүүнү токтотушканын айтууда.
Румыния менен Түркия түн ортосунан баштап орус газын албай калышканын маалымдашты. Еврошаркетке кирген кеминде 10 өлкө Россиянын газы токтотулганын бышыкташты. Биримдик бир жума мурун эле энергиянын импорту чөйрөсүндө биргелешкен саясат жүргүзүү жөнүндө макулдашканы менен айрым мамлекеттер газ тартышыгына байланышкан маселени чечүү үчүн өз алдынча аракет көрүшүүдө. Босниялык “Сараево Газ” компаниясынын маалымат өкүлү Адис Салкич кечээ билдиргендей өлкөдө энергиянын башка булактарына өтүү процесси жүрүп жатат:
- Газдын бардык ири кардарлары жана алтернативалуу булактарды пайдаланууга мүмкүнчүлүгү барлар ошондой булактарга көчө башташты же даярданышууда.
Бир катар өлкөлөр болсо газ запастарын колдонуп, мындай абал көпкө созулбайт деп үмүттөнүшүүдө.
Евробиримдиктин учурдагы төрагасы Чех жумурияты да толугу менен орус газысыз калды. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазганына караганда, Прага Москва менен өз алдынча сүйлөшүп, газды Ямал кууру аркылуу алып туруу мүмкүнчүлүгүн талкуулоодо. Сөз болгон куур орус газын Польшага Беларустун аймагы менен ташыйт.
Мунун аралыгында Венгрия турак жайларды көбүрөөк камсыздоо үчүн завод, фабрикаларга газ берүүнү чектей баштады.
Киев менен Москва газ боюнча сүйлөшүүлөрдү эртең улантышмакчы. Бирок азыртадан эле мунасага жетишүү кыйын болот деген күмөн саноолор айтылууда. Россия газды башка жолдор аркылуу ташуу мүмкүнчүлүгүн караштырууга убада кылды.