Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Израилге жана “Хамаска” тынчтык планы сунуш кылынды


Николя Саркози менен Хосни Мубарак
Николя Саркози менен Хосни Мубарак

Газадагы урушту токтотуу үчүн Франция менен Египет биргелешип тынчтык планын сунуш кылышты. Аны Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши колдоду. Израил өкмөтү бул планды өз жыйынында талкуулайт.

План үч пункттан турат. Баарыдан мурда Израил менен “Хамас” уруштарды убактылуу токтотушу керек. Андан соң Израил менен палестин тарабы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бекем жана узак мөөнөттүү коопсуздукту камсыз кылуу жолдорун, алардын ичинде Газа менен Египет ортосундагы чек араны бекемдөө чараларын аныктоого тийиш. “Хамасчылар” курал-жарактарды негизинен ушул жактан жер алдындагы тешик жолдор аркылуу алып турушат. Сүйлөшүүлөргө Евросоюз, кызыкдар башка тараптар тартылышы мүмкүн. Акырында атаандашкан палестин кыймылдары, айрыкча “Фатх” жана “Хамас” топтору ич ара сүйлөшүүлөрдү башташы зарыл.

Франция менен Египет сунуш кылган бул планды Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши колдоду, ага жада калса буга чейин Израилдин таламын талашып келген АКШ да кошулду.

Израил өкмөтүнүн өкүлү Марк Регев тынчтык планды өкмөт өз жыйынында талкуулай турганын билдирди. Эгер хамасчылар ракетадан израил кыштактарын аткылоону токтотушарына кепилдиктер берилсе, өкмөт бул планды кабыл алышы мүмкүн.

Хамасчылар болсо планга байланыштуу сүйлөшүүлөр улантылып жаткандыгын кабарлашты.

Арачылык озуйпа менен атайын регионго келген француз президенти Николя Саркози Египетте, Палестинада, Ливанда жана Сирияда болгон эле. “Гуманитардык элдешүү зарыл, ал бардык тараптын кызыкчылыгы үчүн керек.Израил күчтүү мамлекет, Израил өзүнө жоопкерчилик алып,тынчтык келишимин түзө алат”,-деп айтты Саркози Иерусалимде президент Шимон Перес менен жолугушкан соң.

Израил шаршембиден тартып күнүнө аскерий операцияларды үч саатка токтотуп, Газага гуманитардык жардамдарды жеткиргенге мүмкүндүк түзө турган болду. Кечээки танапис улуу шашкеден эрте бешимге чейин уланды. Андан кийин уруштар кайра жанданды.

Израилдин Газадагы операциялары башталганына он үч күн болуп калды, бул мезгилде палестиналыктардан 600дөн ашуун адам, израилдиктерден он киши набыт кетти.

XS
SM
MD
LG