Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

9-январь: Тарых барактары


Каракорум менен Керуленди жердеген 12 миң түтүн кыргыз 1636-жылдын 9-январында Гиссарга көчүп келген. Кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдүн бири-Абдыкерим Сыдыковго карата козголгон тергөө иши 1934-жылдын 9-январында соңуна чыккан.

Кыргыз жана калмак каршылаштыгы XVIII кылымдын биринчи жарымында туу чокусуна жетип, кыргыз уруулары батышка сүрүлүп, алардын бир бөлүгү Алай жана Каратегинге жайгашкан. Борбордук Азиянын ички райондорунан жер которгон кыргыздардын чоң тобу болсо, 1636-жылы Гиссардан орун алышкан. Орто кылым авторлорунун кабарлоосуна караганда Каракорум менен Керуленди жердеген 12 миң түтүн «кайырдин» кыргыздар Каратегин аркылуу өтүшүп, 1636-жылдын 9-январында Гиссарга келип орун алышкан.

Пишпектеги менчик үйлөрдүн саны мында орун алган орус администрациясынын эсесинен кыйла өскөн. 1891-жылдын бул күндөрү жүргүзүлгөн каттого караганда орус адамдары жашаган кварталда 364, дунгандар жашаган көчөлөрдө 168 менчик үй орун алган. Бул жылы соода түйүндөрүнүн саны биринчи жолу жүздөн ашып, шаардык бийлик кардарларды тейлөө шартын жакшыртуу туурасында сөз кыла баштаган.

Түркстан генерал-губернатордугу 1899-жылы Пишпек, Пржевальск жана башка уездерде жашаган кыргыз кыздарынын эрте турмушка чыгышына тыю салган чечим чыгарган Чөлкөмдүк администрациянын чечимине ылайык, турмушка берилчү кыргыз кыздарынын жашы - 14 жаштан жогору болсун деп белгилеген.

Пишпек уездине караштуу 26 волосттун бийлик өкүлдөрү 1901-жылдын бул күнү жаш жеткинчектер үчүн мектеп-интернатты ачуу сунушу менен уезддик бийликке кайрылышкан. Жаш жеткинчектерге орус тилин өздөштүрүү керектиги жана ал кыргыз жаштарынын келечеги үчүн кенен жол ачып бере тургандыгы белгиленген.

Мындан улам, Пишпек шаарында 150 орундук орус тилиндеги мектеп-интернаттын ачылышы учур талабына жооп берээрине басым жасашкан. Волосттук бийлик өкүлдөрү эгер, мектеп-интернатты ачууга каражат жетишбесе, анда жетишпеген акчаны түтүн башынан чогултуу сунушун киргизишкен.

Кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдүн бири-Абдыкерим Сыдыковго эл душманы деген жалган жалаа жабылып түрмөгө камалган соң, ОГПУ жазалоочу жайында күнү-түнү уланган сурак иши башталган. Абдыкерим Сыдыковго «Социал-Туран партиясынын ана башчысы», «реакциячыл Алаш ордонун куруучусу» деген күнөө коюлуп, НКВД тергөөчүлөрү 1933-жылдын 9-майында башталган ишти, 1934-жылдын 9-январында жыйынтыктоого жетишишкен.

Бул күнү, немец хируругу, кан буугуч жана наркоз маскасын тапкан Фридрих Эсмарх, 1890-жылы чех жазуучусу Карел Чапек, 1922-жылы америкалык биохимик, Нобель сыйлыгынын лауреаты Хара Корана, 1923-жылы композитор Эдуард Колмановский жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG