Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

Жакынкы Чыгыш: Резолюция бар, бирок согуш уланууда


БУУнун Коопсуздук кеңеши Газа тилкесинде согуш аракеттерин дароо токтотууну караган резолюция кабыл алды. Бирок эл аралык мындай катуу кысымга карабастан Газа тилкесинде согуштук аракеттер уланууда.


Резолюция кабыл алынаар алында сүйлөгөн БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун "документти жаңжалга катышы бар бардык тараптар урматташы керек" деп айтты. Бирок согушуп жаткан Хамас уюму менен Израил бул резолюцияны кабыл алууга катышкан жок. Ошондуктан аны аткарышабы, жокпу, бул алардын өздөрүнө жараша болмокчу.

Ошого карабастан БУУдагы бир катар дипломаттар үмүттүү турушат. Себеби документтин долбоорун Израилди колдогон Кошмо Шттары Хамас менен байланышы бар таасирдүү араб өлкөлөрү менен бирдикте иштеп чыккан.

БУУнун баш катчысы элдешүү жетишилгенден кийинки эң башкы милдет - Газага гуманитардык жардам жеткирүү экендигин белгилеп, бул иштерге көз салыш үчүн келерки жумада аймакка өзү бараарын бышыктады:

- Биз баарыбыз билгендей, коопсуздуктун келечеги үчүн, тынчтык үчүн дагы иштешибиз керек, саясий иш-чаралар зарыл. Мен келерки жумада Жакынкы Чыгышка барганда, элдешүүнүн шарттарын аткарууну, чукул гуманитардык жардамдын жеткирилишине жана дипломатиялык аракеттердин улантылышына көңүл бурулат.

Газадагы гуманитардык абал өтө оор, ушул бейшембиде гумжардам жеткирген айдоочуларынын бири атып өлтүрүлгөндөн кийин, Бириккен Улуттар уюму гумжардам операцияларын токтотууга мажбур болду.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин сессиясына төрагалык кылган Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнер жыйындан кийин учурда Египеттен Газага жер астындагы өткөөлдөрдөн курал ташууну токтотуп, чек ара бекетин кайра ачыш керектигин эскертти жана резолюция Египеттин президенти Мубарак менен Франциянын президенти Саркозинин демилгеси менен өтүп жаткан учурдагы сүйлөшүүлөрдүн ийгилигине огожо болот деп ишенээрин белгиледи.

Британиянын тышкы иштер катчысы Дейвид Миллибанд өз кезеинде Израилдин да, Палестин аймактарынын да коопсуздугун толугу менен урматтоонун зарылдыгына токтолду.

Коопсуздук кеңешинин вето коюга укуктуу туруктуу мүчөсү болгон Британия эл аралык коомчулук тарабынан таанылган Батыш Жээктеги Палестин бийлигин Газа тилкесине да киргизүүнү кызуу колдоодо. Хамас уюму 2007-жылы Палестин президенти Махмуд Хаммастын Фатах фракциясы менен куралдуу жаңжалдан кийин Газада бийликке келген эле.

Ал эми Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Вашингтон резолюцияга добуш берүүдө калыс калганы менен, документти толук колдой тургандыгын баса белгилеп, буларды кошумчалады:

- Алдыда дагы көп иш бар, ошол эле убакта учурда жакшы иштер жасалып жаткандыгына көңүл бургум келет. Бул жаатта Египеттин президенти Мубарактын арачылыгына колдоо билдириш зарыл. Ушундай аракеттер акыр-аягында келечектүү элдешүүгө жол ачат, Бул Газада туруктуу тынчтыкка да шарт түзөт. Ошондуктан биз баарыбыз Египеттин арачылык аракеттерин колдошубуз керек.


Бир катар араб өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери бирок Кошмо Штаттарынын резолюцияны колдоп добуш бербегендигин сындашууда. Алардын пикиринде, документ бир добуштан колдоого ээ болгондо, резолюциянын салмагы да жогору болмок.

Айткандай эле, резолюция кабыл алынганы менен, Газада согуш аракеттери уланды. Бүгүн Израилдин армиясы Газадагы жөө аскерлерин колдоп, 50дөн ашык жолу абадан сокку урду. Палестин бийликтери бул чабуулдарда 12 карапайым адам набыт кеткендигин маалымдашты. Хамас өз кезегинде Израилдин түштүгүн 15 жолу ракетадан аткылап, бир кишини жарадар кылды.

XS
SM
MD
LG