Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:31

АКШ менен Грузия кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коет


Грузиянын президенти Михаил Саакашвили
Грузиянын президенти Михаил Саакашвили

Кошмо Штаттары менен Грузия стратегиялык кызматташтык келишимине кол коюшууда. Вашингтондо кол коюла турган документ эки өлкөнүн ортосундагы коргонуу жана коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөнү максат кылат.

Вашингтонго грузин делегациясын тышкы иштер министри Григол Вашадзе жетектеп барды. Стартегиялык кызматташттыктын мазмуну боюнча кеңири маалымат жок, бирок ал АКШ менен Грузиянын коргонуу, аскердик жана экономикалык жана башка тармактардагы кызматташттыкты тереңдетет деп болжолдонууда.

Өткөн айдын этегинде Вашадзе грузиялык делегация аталган келишимге кол коюу үчүн Вашингтонго бараарын бышыктап, бирок документтин мазмунуна кеңири токтолгон эмес.

Кошмо Штаттары өткөн айда Украина менен да ушундай эле келишимге жетишкен. Анда Украинанын НАТОго мүчөлүгүн бекемдөө максатында коопсуздук кызматташтыгын күч алдыруу программасын ишке ашыруу каралган. Украина менен Грузия экөө тең НАТОдон Мүчөлүк Аракет планын ала алган жок. Бул план НАТОго мүчө болуп кирүүнүн чечүүчү кадамы деп саналат.

АКШнын бул эки өлкө менен стратегиялык шериктештик келишими анын 1998-жылы Балтия өлкөлөрү менен жетишкен хартиясына түспөлдөш. Ал хартияда Вашингтон Эстония, Латвия, Литванын Батыш институттарына кириши үчүн, алардын аскердик жана башка реформаларына жардам берүүгө убада кылган.

Латвиянын расмий өкүлдөрү АКШ менен хартия Балтия өлкөлөрүнүн 2004-жылы НАТОго кошулушу багытындагы олуттуу кадам болуп калгандыгын айтышкан.

Хартияларга кол коюну Орусиянын кысымына улам көбүрөөк кабылып жаткан Украина менен Грузияга АКШнын колдоо көрсөтүшүн айгинелеген кадам катары баалашууда. Москва бул эки өлкөнүн НАТОго кирүү далалатына каршы болуп, Киев менен Тбилисини өз таасиринин чөйрөсүндө сактап калгысы келет. Өткөн жайда Орусия менен Грузиянын ортосундагы Түштүк Осетиянын айынан чыккан согуш Тбилиси үчүн тактикалык утулуш болуп калган жана анда грузин армиясы оор жоготууларга учураган.

Грузиянын өкүлдөрү жаңы хартияда каралган АКШ менен кызматташттык өлкөнүн куралдуу күчтөрүн кайра курууга көмөктөш болот деп үмүттөнүшүүдө. Грузиянын оппозициячыл Жумушчу партиясынын шегинде, грузин президенти Михаил Саакашвили Кошмо Штаттары менен Грузияда америкалык согуштук база ачуу тууралуу сүйлөшүп жаткан болушу мүмкүн. Бирок грузин парламентинин төрагасы Давид Бакрадзе ушул бейшембиде хартияда мындай чара каралбаганын билдирди.

"Биздин максат – грузин армиясын чыңдоо жана өлкөнү башка мамлекеттин армиясы менен эмес, грузин армиясы менен коргоо болуп саналат",-деп айтты Бакрадзе. Ал кызматташттык хартиясы Кошмо Штаттарына грузин армиясын машыктырууга жана жабдык менен жабдууга мүмкүндүк берээрин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG