Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:32

Данияр Үсөнов кайрадан Ак үйдө


Өткөн бейшембиден бери бош турган президенттик администрация башчысынын ордуна бүгүн Данияр Үсөнов дайындалды. Ушул эле күнү жаңы жетекчини президент өз администрациясына тааныштырды.

Ак үйдөгү таасирдүү бул орунга Данияр Үсөновдун келиши боюнча божомолдор коомчулукта алдын-ала эле айтыла баштаган. А түгүл айрым гезиттер мындай божомолдорду жазып да жиберишкен эле.

Эми коомчулукта талаш-тартыштуу бул фигуранын кайрадан чоң кызматка келиши тууралуу ар кыл пикирлер айтыла баштады. Бул ысым кыргыз коомчулугуна мурдагы Аскар Акаев доорунан (90-жылдардын орто ченинен) бери жакшы тааныш. Алгач ал ишкер, чоң бизнесмен катары таанылып, Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышынын депутаты болду(1995-2000). Ал арада мурдагы бийликке оппозиция болуп, куугунтуктоолорго да кабылып, а түгүл 2005-жылкы март ыңкылабына чейин саясий чөйрөдөн четтеп да калган.

Казакстанга кетип калган делген Данияр Үсөнов Кыргызстанда бийлик алмашкан 2005-жылдын 24-мартынан кийин дароо пайда болуп, жаңы өкмөттө вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Андан соң биринчи вице-премьер, Бишкек шаарынын башчысы кызматтарын аркалап, былтыр июль айында өлкөнүн Өнүгүү фондунун башкармалыгынын төрагалыгына дайындалган.

Учурунда Данияр Үсөнов вице-премьерлик орун үчүн Жогорку Кеңештин (буга чейинки чакырылыштагы) депутаттарына 300 000 доллар бергендиги тууралуу айтылып, коомчулукта кыйла талаш-тартыш жараткан өйдө-төмөн сөздөр да болгон эле.

Эми Данияр Үсөновдун өмүр таржымалы менен да тааныштыра кетели. 1960-жылдын 9-мартында Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында туулган. 1990-жылдардын башында Кара-Балта шаардык администрациясында иштеген.1995-2000-жылдары ЖК депутаты, 2000-2001-жылдары “Эридан” компаниясынын башкы директору, 2001-2005-жылдары “Инексимбанктын” деректирлер кеңешинин төрагасы, 2005-жылдын 24-мартынан кийин вице-премьердин милдетин аткаруучу, 2006-2007-жылдары биринчи вице-премьер, 2007-жылдын октябрынан тарта Бишкек шаарынын мэри, 2008-жылдын июлунан тарта КР Өнүгүү фондунун башкармалыгынын төрагасы.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG