Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

БЭКтин биримдиги бекем


12-январда оппозициялык Бириккен элдик кыймылдын Улуттук кеңеши алгачкы жыйынын өткөрүп, январь айынын соңунда энергетика тармагын менчиктештирүүгө каршы саясий акция өткөрүү сунушу колдоого алынды.

Бириккен элдик кыймылдын Улуттук кеңешинин алгачкы жыйынында кеңештин алтымышка чукул мүчөсү бекитилип, өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал талкууланды. БЭКтин алдыдагы иш чарасынын планы жактырылып, энергетика тармагын менчиктештирүүгө каршы саясий акция өткөрүү сунушу колдоого алынды, дейт жыйынга төрагалык кылган «Акыйкат үчүн» кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкулов.

-Электр тармагын менчиктештирүү боюнча маселени өкмөт 27-январга карата койбодубу. Ушул боюнча биз саясий акцияларга барышыбыз керек деген сунуш түштү. Муну Улуттук кеңештин бардык мүчөлөрү колдоду. Экинчиден катардагы кардарга газ эки эсе кымбаттады. Коммуналдык кызмат, электр кубаттулугу дагы кымбаттап жатат. Эмне себептен? Анткени бул жерде коррупциялык схема бар. Ушул маселелер дагы катуу козголду.

Аликбек Жекшенкулов БЭКтин Улуттук кеңешинин алгачкы жыйыны жандуу өтүп, оппозициялык күчтөрдүн биримдиги бекем болооруна, алдыдагы максаттарды ишке ашырууга үмүт жандырганын белгиледи.

Айрым талдоочулар, расмий бийлик өкүлдөрү оппозициялык күчтөр түзгөн Бириккен элдик кыймылдын келечеги жоктугун, азыртадан эле оппозициянын ортосунда ажырым кетип, пикир келишпестиктер пайда болгондугун айтышууда.

Бириккен элдик кыймылдын активдүү мүчөлөрүнүн бири Топчубек Тургуналиев болсо БЭКтин чогулушунда, кеңешмелеринде кайсыдыр бир маселеде кызуу талаш-тартыш болгону менен оппозициянын ортосундагы ынтымакка доо кетпегенин билдирди.

-Негизги нерсе - кимде-ким БЭКти таштап кете турган болсо, же ажырым кылып жарака сала турган болсо анда ал жалаң эле БЭКтин алдында эле эмес, элдин алдында шерменде болот. Элдин алдында жооп берип калат. Андай адам саясий айдыңдан дагы түп орду менен жоголот.

Оппозицияны элге жаман атты кылып көрсөтүү, каралоо максатында бийлик тарабынан ар кандай айың кептер уюштурулуп жатканын белгилеген Тургуналиев, бийлик системасын өзгөртүүнү караламан калк арасында колдоочулар көп экендигин айтты.

-Эл күтүп жатат да. БЭК түзүлдү. «Чогулуш өткөрүп эле отура бересиңерби», - деп эл доомат коюп жатпайбы. Мына Токмокто эл дап-даяр турат. Таласка бардык даяр, Аксыга бардык эл даяр турат. Аксыдан эл бизге кыйкырган, «Топчуке, жыйын өткөрүп эле жүрө беребизби. Качан чыгабыз?»-деп сурап жатышпайбы.

Парламенттеги «Ак жол» фракциясынан депутат Табылды Орозалиев оппозицияны эл колдоого эч кандай негиз жок экендигин, ал кечээ эле шайлоочулар менен жолугушуп, элдин жашоо шарты менен жакындан таанышып келгенин билдирди.

-Мен айтат элем. Оппозицияны элдин колдоосуна эч кандай негиз жок. Аны эл өздөрү деле айтып жатышат. Биз эл менен жеринде барып жолугушуп атабыз. Ал жерде деле кеп болуп жатат. Бирөөлөрү оппозиция минтип жатат десе, экинчиси оппозициядагылар мурда бийликте жүргөн адамдар, эмне үчүн бийликте жүргөндө азыр айтып жатышканын жасаган эмес, дешүүдө. Анан кийин «эл бизге ишенет» деген чындыгын айтканда жөн эле курулай сөз. Азыр эл өзү менен өзү алектенип, кыштан чыгуунун аракетинде.

БЭКтин Улуттук кеңешинин жыйынында дагы бир маселе бийлик тарабынан саясий куугунтуктоолордун күчөп баратканы козголду. Бир добуштан Топчубек Тургуналиевдин төрагалыгында саясий куугунтуктоону токтотуу комитети түзүлдү.

Оппозиция канчалык катуу талаптарды койгон сайын бийликтин куугунтуктоосу дагы күчөйт, дейт БЭКтин мүчөсү, «Жаңы Кыргызстан» партиясынын баш катчысы Исмаил Исаков.

- Күндөн күнгө бийлик өзүнүн туруксуздугун байкап калды. Ошондуктан бийлик күч аракеттери менен гана баш көтөргөн адамдардын бардыгын куугунтуктоо, жалган кылмыш ишин козгоо, же болбосо жоготуу аракеттерин күчөтө баштайт.

Улуттук кеңеш жыйын соңунда БЭКтин атынан кайрылуу кабыл алып, сот, укук коргоо органдарына жана аскер кызматкерлерине жолдой турган болду. Анда күч органдарын Конституцияны бузбоого, “аскерлер өлкөдө өзгөчө жагдайлар түзүлгөн шартта милицияга кол кабыш кылары” тууралуу жобо элге каршы экендиги айтылган.

XS
SM
MD
LG