Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Мусулмандар Биримдиги Палестинага тилектештик акция өткөрдү


Мусулмандар биримдиги бүгүн Бишкекте Газа тилкесиндеги согушту айыптаган акция уюштурду. Анын соңунда Израилдин желегин өрттөөгө камынып жаткан жеринен аталган уюмдун жетекчилери Турсунбай Бакир уулун жана Н.Мотуевди милиция кармап кетти.

Кыргызстан Мусулмандар биримдигинин демилгеси менен Тарых музейинде өткөн бул иш-чарада Палестина согушу боюнча көргөзмө уюштурулуп, анда Израил аскерлери тарабынан “Хамаска” жасалган чабуулдан жарандардын набыт болушу, инфраструктуранын кыйрашын көрсөткөн 100гө жакын сүрөт көргөзүлдү.

Андан соң жаңжалда мерт болгон палестиндерге куран окулду. Иш-чарага келгендер аза күтүү китепчесине кол коюшуп, палеситин элине көңүл айтышты.

“Дил мүрөгү” коомунун жетекчиси Өзүбек ажы Чотонов Израил бийлигинин палестиндиктерге каршы чабуулу- кыянатчылык деп, кыргыз мусулмандарын Палестинада болуп жаткан согушка кайдыгер карабоого чакырды:

- Палестинада болуп жаткан согуштан “мен инсан” дегендердин жүрөгү титиреп турушу керек. Биз мусулман болгондон кийин ар бирибиз жөн эле отура бербестен өзүбүздүн сөзүбүздү айтышыбыз керек. Эмнеден коркосуңар!

Газада жаңжал декабрдын соңунан бери уланууда. Коомчулукта бул убакыт аралыгында мусулмандарга тилектеш катары Кыргызстан өзүнүн расмий позициясын билдириши керек эле деген пикирлер айтылууда.

“ЭрК” партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу президентке Палестинада болуп жаткан согуш боюнча расмий пикирин билдирүүгө чакырган кайрылуу жолдошорун айтты. Т.Бакир уулу Кыргызстандын бул боюнча пикирин билдире электигин президент К.Бакиев ички саясат менен алек болуп жатканы менен байланыштырды:

-Биз өзүбүздү мусулман десек, анда биз өзүбүздүн Палестина боюнча позициябызды мурдатан, согуштун биринчи күнүндө билдиришибиз керек эле. Азыр да кеч эмес, ошондуктан биз президентти бул маселе боюнча расмий билдирүү менен чыгууга чакырабыз.

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Шайлообек Үркүнбаев да Газа тилкесинде болуп жаткан жаңжалга байланыштуу кыргыз бийлиги расмий билдирүү менен чыгыш керек деп эсептейт:

- Палестина боюнча мусулман эмес өлкөлөр да Израилди айыптап чыгып жатышат. Менимче, Кыргызстан да расмий турдө пикирин билдиргени туура болот.

Ал эми Тышкы иштер министрлигине кайрылганыбызда, Кыргызстан Палестина боюнча пикирин кийинчирээк билдирет деп маалымдашты.

Жыйында Израилдин аракеттерин сынга алган бир топ пикирлер айтылып, Израил Газа тилкесинде согушту токтотпосо нааразылык акцияларын уланта берүү чечими кабыл алынды.

Жыйындын соңунда иш чаранын катышуучулары Израилдин желегин өрттөөгө аракеттенип жатканда милиция кызматкерлери менен кармашуу болуп, тартип сакчылары Т.Бакир уулун жана Н.Мотуевди кармап кетишти.

Милиция кызматкерлери Т.Бакир уулу менен Н.Мотуев мыйзамсыз митинг өткөргөндүгү үчүн кармалганын айтышты.

Милиция кызматкерлери тарабынан кармалып кеткенден кийин Т.Бакир уулу Н.Мотуев менен Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө кармалып жатканын, бир аздан соң сот отуруму болоорун билдирди. Кийинчирээк Н.Мотуев сот аны 500 сом айыпка жыкканын, ал эми Т.Бакир уулуна байланыштуу ишти сот учурда карап жатканын “Азаттыкка” маалымдады.

Анткен менен Кыргызстандагы жөөттөрдүн сыйынуучу жайынын башчысы (раввин) Арие Райхмандын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Израил палестиналык карапайым калкка каршы эмес, мусулман террорчулугуна каршы күрөш:

-Белгилүү болгондой бир нече жыл катары менен Израилдин аймагы бомбаланып келди. Жыйынтыгында Израил мамлекети өзүн коргош үчүн “Хамастын” террорчуларына каршы күрөшкө чыкканга аргасыз болду. “Хамас” Изарилдин чабуулунан коргонуп, палестиналык жайкын тургундар жашаган жерлерде жашынып , тилекке каршы бейкүнөө адамдар набыт кетип жатат. “Хамас” – бул “Аль-Каида” сыяктуу эле террордук уюм.








XS
SM
MD
LG