Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:28

Н.Бекбердинов: Мусулмандар биримдиги атын чыгарып жатат


Мусулмандар биримдиги бүгүн Газа тилкесиндеги жаңжалга каршы нааразылык чараларын баштаганы турат. Биримдиктин бул багыттагы иш-аракеттери тууралуу Кыргызстан укук коргоо кыймылынын аткаруучу директору Ниязаалы Бекбердинов “Азаттыктын” түз обосунда ой бөлүштү.

- Сиз башында Турсунбай Бакир уулу менен Нурлан Мотуев турган Мусулмандар биримдигинин Газа тилкесиндеги чабуулду токтотуу талабына каршы болуп жатасыз, себеби эмне, же башка аймакта болуп жаткан кармашты токтотуу талабын билдирүүгө алардын укугу жокпу?

- Ар кимдин укугу бар. Бирок коомчулукка туура маалымат бериш керек. Мисалы алардын алып чыккандары жөөт менен арабдардын ортосундагы согуш катары болуп жатат. Бул туура эмес. Палестина менен жөөттөрдүн ортосундагы согуш деген да туура эмес. Болгону эле Хамас деген согушчан топ менен жөөттөрдүн согушу. Бул согуш деле эмес, согушта эки мамлекет согушат да туурабы. Ал эми бул жерде бандиттик топ сыяктуу мечиттерден, мектептерден Израил тарапка ракета аттыргызып жатышпайбы. Анан тигилер ракета учкан тарапты көздөй ок уруп жатышат.

- Демек Мусулмандар биримдигинин жетекчилери кыргыз коомчулугуна туура эмес маалыматтарын берип, кандайдыр бир өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын, жеке максаттарын көздөп жатат деген ойдосузбу?

- Албетте, себеби туура эмес маалымат берип жатпайбы. Биринчиден, Хамасты фундаменталдуу көз карашын караш керек, алар дүйнө жүзүнө халифат курабыз дейт. Биринчи Израилди жок кылып алып, анан халифат курабыз дегендей. Бизде Кыргызстанда да бар да ошондой экстремистик уюм. Ал эмес Хамас тобун ушундай идеясы бар болгону үчүн арабдар өздөрү, сириялыктар, Сауд Аравия, Иордания колдобой жатпайбы. Демек бул жөн эле элдин мээсин айлантып, калп эле биздин мусулмандарды кырып жатат деген ой менен элди дүрбөткөнү. Мамлекет өзүн-өзү коргош керек да, ракета келаткан тарапты көздөй алар да ракета уруш керек да, болгону эле ошол.

- Мусулмандар биримдиги Кыргызстандын аймагынан АКШнын авиабазасы тезинен чыгарылыш керек деген да талапты коюп жатат. Укук коргоочу катары сиз кандай пикирдесиз, база чыгарылса Кыргызстандын эл аралык беделине кандай таасир тийгизиши мүмкүн?

- Менин оюм мындай, алар саясий жакка кетип жатат. Биринчиден, чыгарабы, чыгарбайбы, бул дайыма мамлекетти башкаргандардын чечими болот. Ал үчүн президент, Жогорку Кеңеш, өкмөт бар. Экинчиден, базаны качан чыгарыш-коюш боюнча мамлекеттердин эл аралык өзүнчө келишими бар, аны бузбашыбыз керек.

- Бүгүн Мусулмандар биримдиги Газа тилкесинде болуп жаткан чабуулдар жөнүндө сүрөт көргөзмөсүн өткөрүп, анан Израилдин желегин өрттөйбүз деп жатышат. Укук коргоочу катары баа берсеңиз, мындай аракеттер мыйзамга каршы келеби, же жокпу?

- Эгер биздин символиканы өрттөсө, албетте, жооп бермек. Эми өрттөсө да, өрттөбөсө дагы ал өздөрүнүн укугу. Негизгиси – элге туура маалымат берилиши керек.

- Сиздин оюңузча, Мусулмандар биримдигинин жетекчилеринин башкы максаты эмне жана анын артында кандай күчтөр турушу мүмкүн?

- Булардын артында эч нерсеси деле жок, жөн эле өздөрүнүн атын чыгаруу аракетинде иш жасап жатышкандай. Көптөн бери көрүнбөй калышпадыбы, анан кайсы жагынан чыгаарын билбей жатышып, эми Палестинадагы террордук Хамас тобун Израил өзү коргонуп жок кылып жатса, булар өздөрүнө пиар жасап, “атың чыкпаса жер өрттө” дегендей, бир элге көрүнүп алалы деген эле максат менин оюмча.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG