Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:45

БУУнун башкатчысы Газада ок атышууну токтотууга кайрадан чакырды


Пан Ги Мун мындай чакырыгын бүгүн Газада ок атышууну токтотуу аракетинде Египетке келген соң кайталады. Бул аралыкта Израил Хамаска каршы чабуулун он тогузунчу күн улантып жатат. Израил армиясы Газанын түндүгүндө да, түштүгүндө да аба соккуларын жасоо менен катар кургакта согушкерлер менен кагылышууда. Операция башталгандан бери Газада 970дей палестин мерт болду. Алардын жарымы - жөн –жай тургундар. Израил болсо Хамастын ракеталарынан 10 жоокерин жана үч тургунун жоготкон жана алардын ырастоосуна Газадагы операциянын максаты – Хамасы ракета атуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу.

Кызыл Чырым комитетинин президенти Якоб Келленбергер Газадагы кырдаалды "үрөй учурарлык" деп мүнөздөдү. Ал тилкени кечээ кыдырып чыккан.

Израил полициясынын бүгүнкү маалыматына караганда, Ливан тараптан атылган үч ракета өлкөнүн түндүгүнө түшкөн. Мындай окуя бир апта ичинде экинчи иреет кайталанып олтурат. Ал үчүн эч ким жоопкерчилик алган жок жана Израил тараптан эч ким жабыр тартпады.

XS
SM
MD
LG