Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:58

Ошто генерал Исаковду коргоо комитети уюшулду


Ошто генерал Исмаил Исаковду коргоо комитети уюшулду. «Жаңы Кыргызстан» партиясынын баш катчысынын тарапкерлери ага карата куугунтукту токтотууну бийликтен талап кылууда.

Башкы прокуратура кызматынан кыянат пайдаланган деп мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковго 12-январда кылмыш ишин козгогондугун кабарлаган элек. Отставкадагы генерал жалган документтерди тууралап, аталган мекемеге таандык үйдү өзүнүн уулуна өткөрүп берген деп айыпталууда.

Мурун Коргоо министрлигин жетектеген генералдын таламын талашууга ириде анын оштук партиялаштары аттанышты. Саясий уюмдун Ош облустук штабынын жетекчиси Манас Эргешов «Жаңы Кыргызстан» партиясынын баш катчысы Исмаил Исаковду коргоо боюнча комитет уюшулгандыгын «Азаттыкка» мындайча билдирди:

- Бийлик туура түшүнүш керек, Исмаил Исаков президенттин душманы эмес. Себеби бул адам азыркы өкмөттүн кетирип аткан катачылыктарын ачык бетине айтып атат. Жылмалап, жасакерлик кылып, пайда табайын деп аткан жери жок. Эл кабатыр болуп атат. Исмаил Исаковдун үстүнөн козголгон кылмыш иштери токтотулсун. Антпесе эл митинге чыгат.

Исаковду коргоо комитетинин төрагасы Манас Эргешовдун айтымында, уюмга Ош облусунун жана шаарынын туш тарабынан мүчөлөр катталууда. Азырынча генералдын тарапкерлеринин саны 300дөн ашты.

Алыскы Алай районунун тургундары өкүл катары жөнөткөн Мирлан Арпачиев генерал Исаковдун жердештеринин кабатырлануусун төмөнкүчө баян этти:

- Исмаил Исаковго козголгон кылмышты саясий куугунтук деп эсептейбиз. Эмне себептен бул киши министр болуп турганда анын тескери жасаган иштерин көрүшпөйт. Качан гана ал оппозицияга өтүп, же болбосо бийликтин кемчилигин айтканда ушул нерсени жасап атышат. Исаковду эгерде бийлик куугунтуктап, же кандайдыр бир кзүн тазалоо сыяктуу жаман ойлору болсо, Алай эли Исаковду коргоп алууга кудурети жетет. Исаковду коргоо комитетинин атынан атайын Алайдан келип бийликке эскертүү, же мындай сөз айтабыз, баардык нерсе кайталанат дегендей, Бакиев өзүнүн кандай негизде келгенин билет, Алай эли тийишкенин катыгын берет.

Мирлан Арпачиев Бириккен Элдик кыймылга кошулган «Жаңы Кыргызстан» партиясынын баш катчысы Исмаил Исаковдун тазалыгын жана реформаторлугун баса белгилеп, алайлыктар жердешин саясий жактан куугунтуктоону токтотууну өтүнүп Президент Бакиевге кат жолдошкондугун, учурда мамлекет башчысынын жообун күтүп жатышкандыгын, мындан оң натыйжа чыкпаса, мөөнөтсүз акцияларды башташарын жарыя кылды.

Оштук серепчи Абай Эшмаматовдун баамында, азыркы кыргыз бийлиги каяша сүйлөп, каш кайрыгандардын көзүн тазалоодон да кайра тарткыдай эмес. Бирок бул - опурталдуу жол:

- Азыркы бийлик эң ыплас технологияга өтүп алды. Исмаил Исаков эл арасында реформатор жетекчи катары кадыр-баркы чоң. Менимче, бийлик ошол кадыр-баркын ушундай ыплас жолдор аркылуу түшүрүүнү көздөп атса керек. Мындай жолду тандап алуу жакшылыкка алып келбейт. Камай берсе, соттой берсе түпкүлүгүндө элдин арасында бөлүнүп-жарылуу, чыр-чатактар чыгып кетиши мүмкүн.

Жергиликтүү саясат таануучу Абай Эшмаматов «Кыргызстан демократиялык нуктан тайып, авторитаризм жолоюна түштү. Мындай көрүнүш өлкөнүн дүйнөлүк аброюн ылдыйлатып, адам укуктарынын чектелишине ыңгай жаратат», деп коңгуроо какты.

XS
SM
MD
LG