Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:20

Эл аралык уюмдардын добулбасын кыргыз бийлиги угабы?


Эл аралык Хьюман Райтс Уотч Кыргызстанды адам укуктары аз корголгон өлкөлөрдүн катарына кошту. Уюмдун жаңы баяндамасында өлкө бийлиги оппозицияга карата саясий куугунтукту күчөткөнү белгиленген.

“Хьюман Райтс Уотч” эл аралык укук коргоо уюмунун жаңы баяндамасында “Демократиянын аралчасы” аталган Кыргызстан 2008-жылы адам укуктары жаатында кыйла артка чегинип бараткандыгы белгиленген. Маселен, өлкөдө маалымат каражаттарына болгон басымдан улам бир катар басылмалар, телерадио берүүлөр жабылып, айрым журналисттерге кылмыш иши козголгондуктан алар чет өлкөлөрдө баш пааналаганга аргасыз болушкан.

Ошондой эле жарандардын эркин чогулуу, дин тутуу эркиндиктери демейдегиден катуу чектелип, өлкөнүн саясий-экономикалык абалы боюнча өз пикирин билдиргендерди куугунтукка алуу көрүнүшү күч алганы баяндамада да баса белгиленет.

Бирок медиа өкүлү институтунун деректири Илим Карыпбеков, эларалык уюмдар адам укуктары, сөз эркиндиги боюнча канчалык көп билдирүүлөрдү жасабасын Кыргызстан бийилиги, өкмөт муну баары бир көзгө илбей турган болуп калды деген ойдо:

- Мындан ары эл аралык, же бейөкмөт уюмдардын болгон чакырыгы болобу, же болбосо изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы болобу бул өкмөт ага эч карабай калды жана көңүл да бурбай калды. Менимче, бул өкмөттүн тушунда жарандардын эркин чогулуу, митингдерди өткөрүү укуктары чоң кысымга алына бермекчи.

Оппозициядагы бир катар саясатчылар авторитардык бийлик барган сайын күч алып, соңку күндөрү аларга карата куугунтук, коркутуп-үркүтүү күч алганын айтышууда.

Ушундан улам 14-январь күнү, оппозициянын айрым өкүлдөрү Саясий куугунтуктоого каршы комитет түзүштү. Комитеттин уюштуруу жыйынында комитет төрагалыгына Топчубек Тургуналиев шайланды.

Топчубек Тургуналиевдин билдирүүсүнө караганда, комитет өз ишин Исмаил Исаков, Аликбек Жекшенкулов, Эркин Бөлөкбаевди коргоодон баштайт.

Кызматынан кыянаттык менен пайдаланды, жасалма документ аркылуу коргоо министрлигине таандык батирди өзүнүн уулуна алып берген деген кине менен айпталып жаткан мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, аталган комитет саясий куугунга кабылгандарды коргоого салым кошо алат деп ишенет.
-Кандай болбосун бирок үн кошуп, материалдардын барын так, акыйкат элге жеткиргендик өзүнчө чоң салым деп эсептейм. Себеби дегенде күнүгө бүт массалык маалымат каражаттарынын баарында, же радио, же телеберүүлөрдө Исаковду кылмышкер кылып көрсөтүп атканда ушул материалдар менен таанышып, чындык башка экен деп элге жеткирген менимче бул өтө чоң жардам.

Деген менен Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитетинин төрага орун басары Автандил Арабаев бүгүнкү күнү өлкөдө адам укуктарынын сакталышы жаатында эң туура мыйзамдар иштеп жатат деп ырастоодо

- Бүгүнкү конституциябыз мамлекеттин өнүгүшүнө, адам укуктары, мамлекеттик түзүлүш боюнча замандын талабына жооп бере турган эң туура мыйзам.

Бир күн мурда Эл аралык "Фридом Хаус" уюму "Дүйнөдөгү эркиндик" деп аталган кезектеги жылдык баяндамасын жарыялады. Анда да өткөн жылы саясий укуктар жана жарандык эркиндиктер боюнча Кыргызстан артка чегингени айтылат.

XS
SM
MD
LG