Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Бийликке сын айткандарга куугунтук күчөдү


Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова Ысык-Көлдөгү туугандары ар кандай кысымга тушугуп жатканын айтууда
Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова Ысык-Көлдөгү туугандары ар кандай кысымга тушугуп жатканын айтууда

Соңку кезде бийликтин саясатына сын пикирин ачык айткандардын артынан куугунтук күчөдү. Жергиликтүү талдоочулар муну бийликтин айла кеткенден жасап жаткан аракети катары баалашууда.

Президент Курманбек Бакиевдин башкаруу саясатына таптакыр каршы болуп, мамлекетти үй-бүлөлүк клан башкарып калды, деп эсептеген Бириккен элдик кыймылынын бир катар мүчөлөрүнө карата түрдүү кылмыш иштери козголгондугу маалым. Алардын катарында “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү, учурда АКШда жүргөн Равшан Жээнбеков, “Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкулов, “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынын башкы катчысы Исмаил Исаков жана башкалар бар.

Ошондой эле оппозицияда жүргөн саясатчылардын мамлекеттик кызматта иштеген жакындарын иштен бошотуу, же алар аркылуу оппозиционерлердин өздөрүнө саясий кысым көрсөтүү мурдагы бийлик, же Аскар Акаевдин тушунан бери колдонулуп келе жаткан ыкма.

Социал-демократтар партиясынын мүчөсү, ЖК депутаты Иса Өмүркулов жакында эле “Азаттыкка” айткан сөзүндө өзүнүн саясий ишмердүүлүгү үчүн мамлекеттик кызматта иштеп келе жаткан уулу жабыркап жаткандыгын билдирген эле. Жарандык коом менен иш алып барып, акты ак, караны кара деп белгилеген пикири үчүн Ысык-Көлдөгү төркүндөрүнө кысым көрсөтүлүп жаткандыгын айтып, “Жарандык коом коррупцияга каршы” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова добулбас кагып чыкты.

Төлөйкан айым мындай аракеттери менен бийлик кыргызстандык жарандардын Башмыйзамда кепилдик берилген укуктарын көз-көрүнөө тебелеп жатат, деп эсептейт:

-Бүгүнкү бийлик жарандардын конституциялык ыйык укуктарына жана жеке адамдык касиетке кол салбашы керек. Анткени алар биз төлөгөн салыктарга иштеп жатышат.

“Учур” басылмасынын кабарчысы менен болгон маектешүүсү үчүн “Акыйкат үчүн” коомдук-саясий кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкулов 14-январда Бишкек шаардык прокуратурасынан эскертүү алып отурат. Мыйзам коргоо кызматкерлери Жекшенкуловдун гезитке берген маегинде бийликке баш ийбестикке жана аны күчкө салып алмаштырууга чакырык бар, деп эсептешет.

Шаар прокурору Айбек Турганбаев Башмыйзамдын 10-беренесин дагы буза турган болсо, Жекшенкуловду тийиштүү жоопкерчиликке тартмакчы:

- Бирок ал жерде эч кандай бийликти алмаштырууга же төңкөрүүгө чакырган үгүттөөлөр жок болчу. Бул маек эки ай мурун басылган. Эми эле аны көтөрүп чыга калышты. Бул –саясий куугунтук,- дейт Аликбек Жекшенкулов.

Аликбек Жекшенкуловдун уулу журналист Алишер Саиповду өлтүрүүдө колдонулган курал катышкан чатакта болгон деген шек менен күнөөлүү катары күч органдары тарабынан издөөгө алынган.

Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Үсөн Маматов Исмаил Исаковдун үстүнөн козголгон кылмыш ишинде эч кандай саясий куугунтук жок, деп белгилейт.

Анын “Азаттыкка” билдиргени боюнча Аликбек Жекшенкулов Башмыйзамга каршы үгүт-чакырыктарын маалымат каражаттары аркылуу жайылтууга акысы жок:

-“Биз бул бийликти алмаштырабыз” деген маегин 26-ноябрда “Учур” гезитине берген экен. Бул деген Конституциялык түзүлүштү жок кылууга аракеттенүү болуп эсептелет.

Президенттин жүргүзгөн саясатына каршы пикирин билдирип, эки-үч ай мурун мамлекеттик жогорку кызматын таштап кеткен Исмаил Исаковдун артынан да бир катар куугунтук иштери жүргүзүлүүдө. Исаков коргоо министри болуп турган учурдагы бир катар иштерди козгоо менен Башкы прокуратура коргоо министрлигинин мурдагы жетекчилигине карата кылмыш иштерин козгоду. Мына ушундай саясий куугунтуктардан оппозиционерлерди жана өз оюн тайманбай айткан жарандарды коргоо үчүн атайын комитет түзүлгөн.

Комитеттин төрагасы Топчубек Тургуналиев аны түзүүнүн зарылчылыгы тууралуу “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Биз билген, билбеген куугунтуктар жер-жерлерде толтура болуп жатат. Ошондуктан, комитеттин максаты –саясий куугунтукка каршы күрөшүү. Биз саясий партиялар, укук коргоочулар, юристтер жана маалымат каражаттары менен чогуу иш алып барабыз.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG