Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Саясий куугунтукка каршы комитет түзүлдү


Саясий куугунтукка каршы комитеттин төрагалыгына Т.Тургуналиев шайланды. Бул коомдук бирикме адам эркиндиктеринин жана укуктарынын бузулушуна, саясий куугунтуктун бардык түрлөрүнө каршы күрөшмөкчү .

Саясий куугунтукка каршы комитет 14-январда түзүлөөрү менен ага Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон «Жаңы Кыргызстан» партиясынын баш катчысы Исмаил Исаков, «Жашылдар» партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев, «Улуу биримдик» партиясынын жетекчиси Эмил Каптагаев, «Алиби» гезитинин жабылышына байланыштуу Бабырбек Жээнбеков укуктарын коргоп берүү өтүнүчү менен кайрылышты. Алар бийлик тарабынан саясий куугунтукка алынып, укук коргоо органдары жана соттор чектен чыгып, мыйзамсыз аракеттерди көрүп жатышканын белгилешти.

Саясий куугунтукка каршы комитеттин төрагасы Топчубек Тургуналиев аталган комитет мыйзамдын чегинде укуктары бузулган саясатчыларга колдон келген жардамдарын беришерин айтты:

- Албетте азыр эле ооз көптүрүп, кыйратып жиберебиз дегенден алыспыз. Бирок дагы жаңы “төрөлүп” жаткан Саясий куугунтукка каршы бирикме толук кандуу иштегенге биз сөзсүз мажбур болобуз. Себеби дегенде бүгүнүкү күндө Бириккен элдик кыймылдын башкы жетекчилерин, негиздөөчүлөрүн жана алардын бала-бакыра, бир туугандарына чейин бийлик асылып жатат. Менин уулума дагы асылып жатат. Демек биз саясий куугунтукка алынгандардын укугун кандай болгон күндө дагы коргошубуз керек. Коомчулук, эл аралык коомчулук азыркы бийликтин кысымынын күңгөй-тескейин билиши керек.

Экс-коргоо министр Исмаил Исаков өзүнө карата Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишин бийликтин саясий куугунтугу катары эсептеп, жаңыдан түзүлгөн кыймыл кайсыдыр бир деңгээлде анын укугун коргооруна ишенет. Исаков азыркы бийликтин мыйзамсыз аракеттери оппозициядагы саясатчылар үчүн эле эмес мамлекет үчүн дагы коркунучтуу дейт.

- Мага карата козголгон кылмыш иши түздөн-түз саясий мүнөздө. Жеке эле мага эмес, бийликке сын-пикир айткан, мамлекеттин, бийликтин байлыгын сатууга, менчиктештирүүгө каршы көз караштагы адамдарды түздөн-түз куугунтукка алуу күчөдү. Бул бийликтин жүргүзүп жаткан саясатына карап бир гана нерсени ойлоп койсо болот. Азыр эмне кылмыш эмес? Демек, бийликтегилердин түшүнүгү боюнча кылмыш эмес, бул - уурулук, элдин байлыгын сатыш. Бул коррупция, бул зомубулук, бул кылмышкерлик булардын түшүнүгү боюнча мыйзамдуу экен, деген тыянакка келесиң.

Жогорку Кеңештеги «Ак жол» фракциясынан депутат Абдирайим Кулбаев оппозициянын саясий куугунтукка каршы комитетти түзүүгө эч бир негиз жок деген көз карашта.

- Мен ойлойм бул жерде эч кандай саясий өңүт жок. Кетирген кечилиги үчүн ар бир киши жооп бериши керек. Анткени өздөрү кызматта иштеп жүргөндө кетирген кемчиликтерин билбей калабы, же сезбей калабы? Азыр эми ошол кетирген кемчиликтерин көргөзүп айтса, аны куугунтук катары кабыл алып жатышат.

Кулбаев белгилегендей, оппозиция «бөйрөктөн шыйрак чыгарбай» азыркы экономикалык кризистен чыгуунун жолдорун сунуштаса жөндүү болмок. «Алардын өлкөнү өнүктүрүүгө карата программасы деле жок, эл арасында деле оппозицияны кош колдоп колдоочуларды кезиктире алган жокмун», - дейт депутат.

Ал эми Ысык-Көл облусундагы Каракол шаардык сотунда иши каралып жаткан «Улуу биримдик» партиясынын лидери Эмил Каптагаев ага карата облустук прокуратура негизсиз кылмыш ишин козгоп, өзү жана анын жакындары куугунтукка кириптер болгондугун жашырган жок. Анын айтымында, учурда саясий куугунтукка алынгандар тууралуу так маалыматты жаңы түзүлгөн коомдук бирикме гана коомчулукка толук жеткире алат.

- Бул комитет менин түшүнүгүмдө, азыркы бийлик тарабынан ишке ашырылып, коомдо тенденцияга, эрежеге айланып бараткан эң жаман көрүнүш, ар кандай шылтоо менен саясаттын негизинде жалган күнөө таап, жалган айыпка жыгып, жалган айып менен камоого жасаган аракетин коомчулукка алып чыгуу, эл аралык коомчулукка билдирүү милдетин алат. СаККК куугунтукка алынгандарды жок дегенде моралдык жактан колдоого алышы деле чоң демөөр болот.

Саясий куугунтукка каршы комитеттин башчылыгына Топчубек Тургуналиев, жооптуу катчылыгына журналист Таалай Абдылдаев, юристтер тобуна Мукар Чолпонбаев, укук коргоо секциясына Асия Сасыкбаева, журналисттер тобуна Бабырбек Жээнбеков координатор болуп шайланышты. Анын башкармалыгынын курамы 15 адамдан түзүлө турган болду.

XS
SM
MD
LG