Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

Мишель Обама биринчи айымдыкка даярданууда


Лаура Буш жана Мишел Обама.
Лаура Буш жана Мишел Обама.

АКШнын шайланган президенти Барак Обама 20-январда мамлекет башчысынын кызматына киришүүсү менен өлкөнүн биринчи айымынын милдети анын жубайы Мишель Обамага өтөт. Америкалык биринчи айымдардын коомдогу ролу жана макамы кандай?

Президенттик институт сыяктуу эле АКШда биринчи айымдар институтунун эки жүз жылдан ашуун тарыхы, калыптанып калган салт-санаасы бар. Бирок бирнчи айымдын укук –милдеттери тууралуу расмий эрежелер жазылган китеп жок, ал Конституцияда эскерилбейт. Адатта коомчулук алардан кагазда жазылбаган эрежелерди кармануусун каалашат. Кынтыксыз жүрүм –турумду, моданы сактоосун, бирок ашыкча кетпешин, жылдыздуу, бирок жөнөкөй болуусун күтүшөт. Түрдүү себептер, анын ичинде кийими же чач жасалгасы туура эмес болуп калса, сынга да алынышы мүмкүн.

Коомчулук президент менен биринчи айымдын ортосунда тигил же бул маселе боюнча расмий эмес сүйлөшүүлөр жүрөрүн билгени менен биринчи айымдын жубайына расмий кеңешчилик кылуусу, саясатты аныктоого ачык аралашуусу кызыл сызыктан өткөндүк катары каралат. Жазылбаган эрежелердин дагы бири – биринчи айым өзүнчө карьера жасабашы керек.

20-январда АКШнын биринчи айымына айлануучу Мишель Обама жубайы сыяктуу эле айтылуу Гарвард университетинде окуган, кесиби боюнча адвокат. Айрымдар эми Ак үйдөгү турмуш аны абдан эле чектөөсү мүмкүн деп айтуусу ыктымал.

Президенттердин жубайлары жөнүндөгү "Жашыруун бийлик" деген китептин автору Кэти Мэрион мисалы "Ак үй кызматтагы аялдар үчүн жакшы жай эмес. Биз өзүбүздүн салтты сүйөөбүз, бирок кимдир бирөө биринчи айымдын ролунда тажрыйба жасоосун калабайбыз", -дейт.

Ал эми мурдагы президент Билл Клинтондун жубайы, Барак Обаманын администрациясында Мамлекеттик катчы болуучу Хиллари Клинтон муну өз башынан кечирген:

-Мен жаңылыштыктардан да, түшүнбөстүктөрдөн да үйрөндүм алар менин саламаттыкты сактоо жаатындагы ишиме адамдар жасаган мамилени чагылдырып тургандай. Көп маселелерге аралашуу менен кажыбай иштөөнү улантым, бирок муну көбүрөөк салттуу жол менен аткарып калдым.

Хиллари Клинтон биринчи айым ирээтинде ролу канчалык чектелүү экенин жубайы аны саламаттыкты сактоо тармагын реформалоо боюнча комиссиянын башчылыгына дайындаганда сынап көрдү. Бирок коомчулук муну саясатты аныктоочу чөйрөгө жойлоп кирип кеткендик катары кабылдагандыктан, кайра биринчи айымдын чек арасына кайтууга аргасыз болгон.

Жубайы президенттикте турган кезде америкалык биринчи айымдар башка жактан кызмат ээлебегени факт. Кесиби боюнча адвокат Мишель Обама деле карьерасынан баш тартууга аргасыз болоруна азырынча өкүнүч билдире элек. Маектеринде биринчи айымдык турмуштун башындагы эң негизги ишмердиги эки кызын Ак үйдөгү жаңы турмушка көндүрүү, эне болуу экенин айткан. Буга чейин ал аскер адамдардын үй -бүлөлөрүнүн муктаждыктары, үй-бүлө менен ишти тең салмакта кармоо боюнча долбоорлорду жетектеп келген. Булар биринчи айымдардын салттуу ишмердигине туура келет.

Мурдагы биринчи айымдардан Эленор Рузвельт жана Жаклин Кеннеди жаңычыл болгону айтылып жүрөт. Эленор Рузвельт кандайдыр бир бийликке ээ экенин төгүндөө үчүн колдон келгендин баарын жасаганы менен 1930-40-жылдары жубайы Франклин Рузвельттин өкмөтүнүн моралдык добушу болгон. Ал эми Жаклин Кеннеди 60-жылдары жаңы доор, мезгил келгенин түшүнүп, телекөрсөтүүнүн маанисин аңдап-билип, америкалыктарды үйүнө чакырып, анысын дүйнөгө көргөзгөн.

1970-жылдары болсо президент Жеральд Форддун жубайы Бетти кызы бирөө менен жүрсө таң калбай турганын айтуу менен коомчулукту ден-дароо кылган. Ал буларды эскерет:

-Ак үйдүн алдында мени ыймансыз жана өлкөнүн биринчи айымы кантип моралга сыйбаган идеяларда алып жүрөт дешип демонстрацияларды да өткөрүшкөн.

1980-жылдары президенттик кылган Рональд Рейгандын жубайы Нэнси Рейган, айтымда, президенттин кол алдындагы кызматкерлерге көзөмөл салып турууга абдан аракеттенчи.

Ал эми улуу Жорж Буштун жубайы, кызмат мөөнөтү аяктаган президенттин энеси Барбара Буш үчүн, өзүнүн айтымында, белгиленген чектен чыкпоо эле жетиштүү болгон.

Маектеринин биринде ал "саясий маселелер үчүн мен эмес, Жорж шайланганын сезгенмин. Мен иштей ала турган, өкмөттүн каражатын талап кылбаган жана талаштуу эмес нерселер көп болгон. Андыктан көйгөй издөөнүн кандай кажети бар эле",- деп белгилейт.

Бирок бул биринчи айым салттуу жолду бузбаган учурда таасирлүү боло албайт дегенди туюндурбайт. АКШнын мурдагы биринчи айымы, болочок Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон мындай дейт:

-Тарыхый жагын караганда, жубайларынын өкмөттөрүндө маанилүү роль ойногон, өтө таасирилүү жана кубаттуу биринчи айымдар дайыма кездешкен, бирок бул ар убак көшөгө артында болгон.

Барак Обаманын бийликтин эң жогорку тепкичинде жетүүсүнө, шайлоодогу жеңишинде жубайы Мишелдин да салымы болбой койбосо керек. Аларды ынтымактуу үй-бүлө, Мишелди жубайынын колуна –кол, бутуна – бут боло алуучу, муктаждык жаралса асмандан жерге да түшүрө алуучу айым катары билишет. Ал эми жаңчыл биринчи айым болобу, буга чейинки салт- санаанын чегинен өтөбү же жокпу, бул азырынча белгисиз.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG