Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Аптанын маданий окуялары


“Тунгуч” театры учурда “Манасчы” спектаклин кайрадан даярдоодо.

Театрдын жетекчилиги билдиргендей, артистер аталган оюнду өлкөнүн дубандарында тартуулону көздөшүүдө. Февраль айында улуттук опера жана балет театрында Чайковскийдин “Ак куулар көлү” балети коюлат. Маалыматтарга караганда атайын бул балетке Москвадагы Станиславский атындагы музыкалык театрдын артистери чакырылган.

Улуттук биринчи канал менен Улуттук цирк "Жылдыздар манежде" аттуу долбоорду алып чыгууну көздөөдө. Бул долбоорго белгилүү ырчы, чоорчу, бийчи, саясатчы, акын-жазуучу, банкир, спортмен ж.б. ар кыл кесиптин ээлери күчүмдү цирк жанрларында да сынай алам деп өзүнө жүз пайыз ишенгендер катышат. Таймаш үч тур менен өтүп, жыйынтыгында калыстар тобу тарабынан аныкталган жеңүүчүгө 100 миң сом ыйгарылат.

“Айтышфильм” киностудиясы жакынкы күндөрдө беш кинотасманын бет ачаарын өткөрөт. Бул бешөө тең кыска метраждуу фильмдер, анткени толук метраждуу фильмдерди тартканга азырынча чоң күч кубат жок деп билдирди “Айтыш коомдук фондунун” жетекчиси Садык Шер-Нияз Азаттыкка берген маегинде. Анын айтуусунда “Ашуу” жана “Аян” деген фильмдер Кыргызстанда, ал эми “Карусель” жана “Струна” деген фильмдер Орусияда тартылган.

21-январдан тарта белгилүү “Мумий Троль” тобу Америкага болгон чоң турнесин башитайт.Топтун планы боюнча Нью-Йорк, Кембридж, Чикаго, Миннеаполис, Денвер, Торонто, Сан-Франциско жана башка шаарларды кыдырышат.

Парижджеги бир ооруканада 74 жаш курагында белгилүү француз кинорежиссеру Клод Берри каза тапты. Ага байланыштуу Франциянын өлкө башчысы көңүл айтып, Берри француз кино тарыхында легендарлуу киноишмер болгонун баса белгилеген.

Роттердамдагы эл аралык кинофестиваль сынактык программасын жарыялады. Ага ылайык фестивалга 14 тасма кирген. Анын сегизи дүйнөлүк премьера. Ал эми кыска метраждуу фильмдерден 27 тасма көрсөтүлөт. Бул жолку фестивалда алгачкы ирет Түркия,Индонезия, Жаңы Зеландиянын киноишмерлери эмгектерин көрүүчүлөрдүн сынына коюшат.

13-майдан 24-майга чейин өтүүчү 62-Канн кинофестивалынынын калыстар тобун белгилүү француз актрисасы Изабель Юпер жетектейт. 55 жаштагы актриса чыгармачылык жолунда 80 ден ашуун тасмага тартылып, анын 14 Канн кинофестивалында ат салышкан. Алсак Клод Шабролдун “Салтанат”, Михаэл Ханекенин "Пианист" , Франсуа Озондун "8 аял" жана башка тасмаларда образ жараткан.

XS
SM
MD
LG