Агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, коллегияга шаардык жана райондук кеңештердин төрагалары жана шаарлардын мэрлери катышат. Жыйында былтыркы жылдын жыйынтыгы чыгарылып, быйылкы жылга карата иш-аракеттерди талкулоо пландаштырылды. Ошондой эле “Таза суу” долбоорун ишке ашырууга жоопкерчиликтүү айылды суу менен жабдуу департаментинин иши каралаары күтүлүүдө. (MSu)