Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Кабулдагы жардыруу 5 кишинин өмүрүн кыйды


Кабулда полиция коопсуздук чараларын күчөттү.
Кабулда полиция коопсуздук чараларын күчөттү.

Кабулда жан кечтинин жардыруусунан 4 киши жана америкалык бир жоокер каза тапты. Жыйырмадай жайкын тургун жана америкалык беш аскер жарадар болгонун Ооганстандын расмий өкүлдөрү билдиришти. Чыгыштагы Нангархар чөлкөмүндө жан кечтинин кол салуусу бир кишинин өмүрүн кыйды. Бул эки теракт үчүн жоопкерчиликти талиптер өздөрүнө алышты.

Жардыргыч зат менен толтурулган автоунаа жарылган жерде бир нече машина жана танкер көпкө чейин күйүп жатты. Доктурлар жарадар болгондорду ооруканаларга шашылыш алып кетишти.

Ооганстандын Коргоо министрлигинин маалымат өкүлү генерал Мохаммад Захир Азиминин кабарлоосуна ылайык, оогандык 2 карапайым адам каза болду. 23 киши жараат алды. Кийин АКШнын Ооганстандагы куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү америкалык 1 аскер жарааттардан көз жумганын кабарлашты.

Германиянын Тышкы иштер министрлигинин атын атабаган өкүлү Берлинден билдиргендей, жарадар болгондордун арасында немис жарандары да бар. Анын айтымында, элчилик имаратынын терезелери жардыруудан талкаланды.

Талиптер кол салуу үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө алышты. Согушкер топтун өкүлү немис аскерлерин ташыган машиналар бутага алынганын айтты. Буга чейин да талип жоочулары Ооган өкмөтүнүн жана Кабулдагы чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдүн имараттарына кол салып келишкен. Ноябрда америкалык элчиликтин сыртында болгон жардыруудан оогандык 4 киши өмүрүнөн ажыраган.

Талиптер мурда өлкөнүн ортоңку бөлүктөрүндө активдүү болсо, эми баш калаага жакындашты. Кабулда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, 2008-жылы борбор шаарда теракттар азыраак катталды.

Ооганстанда германиялык 3 миң 200дөй жоокер кызмат өтөөдө. Алар негизинен өлкөнүн түндүгүндө жайгашкан.

АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обама Ооганстан анын тышкы саясатынын негизги бөлүгүн түзөөрүн убада кылган. Пландар боюнча Ооганстанга кошумча америкалык 30 миңдей аскер жөнөтүлмөкчү.


XS
SM
MD
LG