Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:02

“Ата Мекендин” Таластагы жыйындары үзгүлтүккө учурады


Жекшембиде бул партиянын Бакай-Ата районундагы жыйыны тоскоолдуктардан улам аягына чыкпай токтотулду. Чагымчыл аракеттерден чочулаган партия жетекчилиги Талас районунда өтө турган жыйынды да токтотушту.

Бакай-Ата районундагы жыйында алгач “Ата Мекен” партиясынын өкүлү Асия Сасыкбаева ишемби күнү Кара-Буура районунда болгон окуя боюнча маалымат берүү менен жергиликтүү бийликтин саясий куугунтукка алып, мыйзамды сыйлабастыгын белгиледи.

Андан соң жыйынга келген Жогорку Кенештин депутаты, СДП фракциясынын өкүлү Роза Отунбаева бийлик элди бүгүн коркутуу жолу менен башкарып жатканына токтолду:

-Элди азыркы бийлик коркутуп-үркүтүп атыптыр да. “Тынч болгула, тынч отургула!-деп. Карабайсыңарбы, ошондой экен да...

“Ачык саясат” гезитинин башкы редактору Бабур Жээнбеков бүгүн Таласка “Ата Мекен” партиясынын дагы бир лидери Болот Шерниязов келгенин маалымдап, ал “Акыйкат үчүн” кыймылынын жетекчиси Аликбек Жекшенкулов менен Манас райондук ички иштер бөлүмүндө ошол жакта өткөн жыйын тууралу түшүнүк берип жатканын айтты. Ошондой эле чогулган элге Өмүрбек Текебаевдин жыйынга келбей калуусунун себебин түшүндүрдү.

-Текебаевдин эмне болгонун уктуңар. Ал киши мынакей азыр телефон чалды силердин көзүңөрчө, Кара-Буура райондук милициясында аны чыгарбай атыптыр, курал-жарактар боюнча түшүнүк жазып бересиң деп. Алар аныатайын чыгарбай атышат. Текебаев бул жыйынга катышпасын деп...

Бакай-Ата районун тургуну Аскарбек Иманбеков болсо бийлик минтип опозицияны куугунтукка алып, кырдаалды күчөтүп жатканына нааразы.

-Демократиянын кыпындай дагы бир учкуну байкалбайт да. Ар кандай бийлик ээлери айыл өкмөттөрүн, бийликте тургандардын баарын кысымга алып, биздин Ата-Мекен партиясына каршы үндөп жатпайбы. Канчалык кысым жасалса менимче эл ошончолук жамгырдан кийинки козу карындай чыга берет да...

Жыйын ушинтип уланып жактанда эл арасынан “Бизге тынчтык керек!”, “Өмүрбек Текебаевди укпагыла!”, “Бул жерден жоголгула, сыйыңар менен кетип калгыла!”, - деген кыйкырыктар чыгып, кырдаал курчуп кетүүсүнөн чочулаган партия өкүлдөрү жыйынды токтотууга аргасыз болушту.

Карабуура районудан жыйынга конок катары келген Элүүбай Отунчиев аксакал кечээ Кара-Буура районунда Өмүрбек Текебаев жергиликтүү укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалганы тууралуу элге айтып, ал жакта да чагымчылар тарабынан жумурткалар ыргытылганын кеп кылды.

-Азыркы абал жөнүндө элге кабар беришти. Анан Текебаев да сүйлөдү. Ошол кезде жанагылар жумуртка ыргыта баштады, бир азырак жумуртка машинанын үстүнө түштү. Таш ыргыткандар болду анча-мынча, кыйкырык сүрөөн дагы башталды.

Талас облусунун губернаторунун басма сөз катчысы Бакай Садыров болсо эл опозицияны, алардын саясатын колдобогонунан улам партия жыйынынын үзгүлтүккө учурады деп эсептейт:

-Эл кимге ишенээрин билбей калышты чынында. Курал чыкты деген сөз эл арасында оппозицияга болгон ишеничти жок кылды. Анын күбөсү катары мына бул жыйын башталып-баштала электе эле элдин нааразычылыгынын улам токтоп калганын айтсак болот.

Аталган жыйынды уюштурган партия өкүлү Данил Акжолов болсо жыйын бир топ кыйынчылыктар менен уюшулганын айтат:

- Акимге атайын кирип уруксат алайын десем эч кандай орун бере албайм деп койду. Анан менчик жерлерди издеп таап, эки жерди камдап койсом, экөөнө тең барышып, бала-чакасына чейин коркутушкан экен, алар да баш тартышты.

Бул окуя боюнча Бакай-Ата районунун акими Көчөркул Сатымкуловго микрофон сунганыбызда “Азаттыкка” маалымат берүүдөн караманча баш тартты.

Жыйын кыска мөөнөттө өткөнү менен "Ата Мекен" партиясынын райондук кенешине райондогу 9 айыл өкмөттөн 9 мүчө шайланып, партия мүчөсү Бакыт Стамов ал кеңештин төрагалыгына бекитилди. Бакай-Ата айылындагы мечиттин жанында болгон бул жыйынга уюштуруучулардын айтымында 300гө жакын, бийлик өкүлдөрүнүн эсебинде жүзгө жетпеген адам катышты.

Бул күнү Талас районунда өтө турган ушундай эле жыйын партия жетекчилиги тарабынан токтотулду. Мунун себеби ал жакта да жыйынды үзгүлтүккө учуратууну көздөгөн атайын уюштурулган чагымчы топтордун даяр турганы менен түшүндүрүлдү.

XS
SM
MD
LG