Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:40

Орусия менен Украинанын газ чатагына чекит коюлабы?


Орусиялык газдын Украина аркылуу Европага жеткирүүнү жөнгө салуучу келишимге бүгүн кол коюлары күтүлүүдө. Украинанын премьер-министри Юлия Тимошенко жана Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин 18-январда узак сүйлөшүүлөрдөн кийин көгүлтүр отунду жиберүү жандандырылышы керек деген бүтүмгө келишкен.

Орусия менен Украина газ үчүн Киев канча акы төлөй тургандыгын такташты. Путин үстүдөгү жылы Украинага газды 2010-жылга чейин 20 пайызга арзан сатууга макул болду. Москва менен Киев ортосундагы көгүлтүр отун баасынан улам чыккан чатактан улам Европанын бир катар өлкөлөрү январдын башынан бери от жакпай олтурушат.

Жекшембиде маалымат агенттиктери тараткан кабарларга ылайык, бүгүн кол коюулары күтүлгөн келишимге ылайык, эми Украина үстүдө жылы, куду европалыктардай 470 доллардан, бирок алардан 20 пайыз арзан баа менен көгүлтүр отун алып жакчу болду. Өткөн жылы Украина ар бир миң кубометр газ үчүн Москвага 179,5 доллардан акы төлөп келген.

Көгүлтүр отун чатагы чыккан эки мамлекет европалыктар ишениминен чыгып калышты деп айтышат байкоочулар. Украин жери менен өтчү орусиялык газдын эки аптага чукул буулуп калышынын жаманаттысы Орусияга гана эмес Украинага да дешет.

Ишемби күнү дүйнөлүк жамы журт Москвада өткөн эки өлкөнүн өкмөт башчылары Тимошенко-Путин жолугушуусун кулак түрүү менен кабыл алышкан. Маселен, The Christian Science Monitor “Москва менен Киевдин тил табышуусу үчүн саясатта таштай турушу керек. Былтыр августта Грузия менен болгон согушту, НАТОго мүчө болуу үчүн Украинанын умтулуусун жана «кызгылтым ынкылабын» эске албай сүйлөшүүлөрү керек» - деп жазат.

Өткөн аптанын соңунда Орусиянын президенти газ чатагын басуу үчүн саммит өткөрүү сунушун киргизген. Бирок орусиялык көгүлтүр отун жагып атышкан европалык жетекчилер чатагы арылбаган Москвага келип баасын кетиргиси келбей, олтурумдан баш тартышкан. Келип бергендер Украина, Армения, Беларус, Казакстан, Молдова жана Сербия өкмөт башчылары, ошондой эле Словакия, Түркия менен Евробиримдиктин өкүлдөрү болушкан. Олтурум акрында эч кандай келишим кабыл алынган эмес. Андан кийин президент Дмитрий Медведев журналисттер алдында «европалык кардарларга орусиялык көгүлтүр отунду жеткирүүдө ага коркунуч туудура турган маселелер бар», деди. Бул кыйытма кептин артында “Москва Украинаны газ уурдайт дегене шаани жатат” дешет талдоочулар.

Орусиялык «Газпром» кол толгоосун улантып атканын Украинанын президенти Виктор Ющенко айтат:

- Элден мурда базарлык эмес баада бизге газ сунуш этет. Анын артынан бизди карыздар калды деп айыпка жыгат. Ошонун негизинде биздин газ өткөрүүчү системабыздын жарымын өзүнүн карамагына өткөрүп алуу аракетин жасап, кыйлага коркутуп-үркүтөт. «Газпромдун» иш-аракети ушундай.

XS
SM
MD
LG