Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:55

Б.Бешимов: Кыргызстан тышкы саясатта да көп ката кетирүүдө


Эртең АКШда жаңы шайланган президент Б.Обама ант берет. Анын келиши менен АКШнын Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстанга карата саясаты кандай болот? ЖКдагы СДП фракциясынын башчысы Б. Бешимов “Азаттыктын” түз обосунда ушул маселенин тегерегинде ой бөлүштү.

- Учурда Америка коомчулугу жаңы, 44-президентинин ант берүү салтанатына даярданып, аны чыдамсыздык менен күтүп жаткан кези. Бакыт мырза, бийликке Барак Обаманын келиши менен бул өлкөнүн тышкы саясатында олуттуу өзгөрүүлөрдү күтсөк болобу?

- Албетте, жалпы Америкада бул салатанатты чыдамсыздык менен күтүп жатат. Ушул ант берүү салтанатына 3 миллион турист келген экен. Дүйнөдө иликтөө жүргүзүлүп, ошондо басымдуу көпчүлүк Б.Обаманын бийликке келишин кубаттап, абдан чоң күтүү болуп жатат.Өзгөрүүлөр албетте болот.

- Сиздин баамыңызда, АКШнын Кыргызстанга, дегеле Борбор Азия чөлкөмүнө карата саясаты кандай нукта өнүгөт, өзгөрүүлөр болушу мүмкүнбү?

- Эки администрациянын ортосунда принципиалдуу айырма бар. Барак Обама демократтардын атынан президент болду. Республикачылар болсо көп учурда жеке кызыкчылыгына басым жасайт. Буштун өткөргөн саясаты Америкага каршы кыймылды пайда кылды. Ал эми Обаманын келиши менен демократияга, эркиндикке көп көңүл бурулат, ошондуктан Кыргызстанга карата да саясаты өзгөрөт.

- Маселен кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн?

- Кыргызстанда демократиялык кыймылды колдоо сөзсүз күчөйт. Авторитардык саясатка каршы болот, андан тышкары адам укугуна, жалпы эркиндиктерге көбүрөөк колдоо болот деп ишенем.

- Барак Обама шайлоо алдында Ирактан америкалык аскерлерди алып чыгам жана Ооганстанга көбүрөөк көңүл бурулат, мындан тышкары Иран менен диалог башталат деп убада кылган эле. Айрым серепчилер бул убадалардын аткарылышы күмөн экенин айтышууда. Бул боюнча сиздин пикириңизди уксак?

- Абал чындыгында эле оор. Бирок акырындык менен сөзсүз Ирактан аскерлер чыгарылат, Ооганстанга да көбүрөөк көңүл бурулат. Анткени бул жалпы регионалдык, дүйнөлүк коопсуздукка керек болуп жатат. Кыргызстандагы “Манас” аскерий базасы да Ооганстандагы абалга байланыштуу да. Биздин жетекчилик ушуну көңүлүнө алып койсо туура болот эле.

- “Манас” аскерий аба базасы демекчи, Бишкекке АКШнын борбордук аскерий башкармалыгынын жетекчиси генерал Дэвид Петреус келгени кабарланууда. Генералдын сапары “Манас” аскерий аба базасынын кийинки тагдырына байланыштуу экени айтылып жатат. Бул базанын Кыргызстанда мындан аркы жайгашышы боюнча акыркы мезгилде ар кыл пикир-жоромолдор, маселен президент К.Бакиев Москвага сапарынын алдында базаны Кыргызстандын аймагынан чыгаруу туралуу жардыкка кол коюшу мүмкүндүгү да айтылып жатат. АКШ Ооганстанга көбүрөөк көңүл бурам деп турган кезде Кыргызстан базаны чыгаруу чечимин кабыл алса, бул эки өлкө алкаларына кандай таасирин тийгизет?

- Тилекке каршы учурда биздин жетекчилик тышкы жана ички саясатта көп каталарды кетирип жатат. Тышкы саясатта майда чайкоочулук өтпөйт. Бул Кыргызстанга зыян болот, ошондуктан бардык ири мамлекеттер менен ийкемдүү саясат жүргүзүп, жалпы кыргыз кызыкчылыгына таяныш керек.

Кыргызстан тышкы саясатта аарыга окшош болушу керек. Бардык гүлдөрдөн, ак болобу, сары-кызыл болобу нектарын чогултуп, бал челегин толтурушу керек. Бизге ким бирөөлөр менен душмандык мамиле түзүү абдан туура эмес. Учурда Орусия менен АКШнын ортосунда бир топ маселелер бар. Бирок биз анын ичине кирбешибиз керек. Алардын терс мамилелеринде колдонулуучу куралга айланып кетпешибиз керек.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG