Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

АКШ: Жаңы президенттин инаугурациясына саналуу саат калды


Бир нече сааттан кийин Вашингтондо 47 жаштагы Барак Обама Америка Кошмо Штаттарынын 44-президенти катары ант берет. Капитолийдеги аземди жеринде 2 миллиондой киши, ал эми дүйнө жүзү боюнча 1 миллиарддай адам сыналгы аркылуу көрөт деп күтүлүүдө. АКШда азыр оптимизм, көтөрүңкү маанай өкүм сүрүүдө.

Бул күндү Обама бала чагынан бери күткөн. Былтыр анын балабакчадагы тарбиячысы кичинекей Барак бир жолу “Мен президент болгум келет” деген баян жазганын айтып бергени бар. Эми бир нече сааттан кийин, Бишкек убактысы боюнча кечки саат 11де ал колун Инжилге коюп, ант бергенде Обаманын ошол кыялы ишке ашмакчы.

Инаугурацияны жакындан көрүү үчүн Американын баш калаасына болжолу менен 2 жарым миллиондой киши келди. Коопсуздук чаралары буга чейинки инаугурацияларда мындай деңгээлде күчөтүлгөн эмес эле. Дүйшөмбүнүн кечинен бери 100дөй көчө машиналар үчүн жабылды. Кадам сайын полициячыларды, Улуттук гвардиянын аскерлерин көрсө болот, көчөлөргө 5 миңдей камера орнотулду.

Көңүл чордонунда жаңы шайланган президент болуп жаткан кезде жогорку кызматтан кетип аткан мамлекет башчы Жорж Буш дем алыш күндөрүн Кэмп Дэвидде жубайы менен өктөрдү. Ишембиде ал акыркы радиокайрылуусун жасады:

Буш улутка акыркы кайрылуу жасап жатат

Шейшембиде Лаура экөөбүз бардык америкалыктарга кошулуп президент Обама жана анын жубайы Мишелге, эки татынакай кыздарына эң жакшы каалоо тилектерибизди айтабыз. Түштөн кийин болсо Техастагы жакындарыбызга, жоро жолдошторубузга кайтабыз. Кызматыман администрациям жасаган иштер үчүн сыймыктануу менен кетип жатам. Өмүрүмдүн аягына чейин Жер шарындагы эң улуу улуттун президенти болуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазы боломун.

Кечээ болсо Буш бир катар лидерлерге телефон чалып коштошту. Ак Үйдүн басма сөз өкүлү Гордон Жондроунун маалыматына ылайык, Буш алардын бардыгына меймандостугу үчүн ырахматын айтты.

Бүгүн Буш инаугурацияга катышкандан кийин Обама жана бир катар жогорку даражалуу саясатчылар менен сый тамакта болот. Кечинде Буш жубайлары кичи мекенине – Техас шатытына учуп кетишмекчи.

Дүйшөмбүдө кабарлангандай, ант берүү аземине коргоо министри Роберт Гейтс катышпайт. Ал чукул кырдаал түзүлсө, мамлекет башчынын кызматын аткаруучу катары белгиленген. Конгресстин жана кабинеттин дээрлик бардык мүчөлөрү Капитолийдеги салтанатка катышып жаткан кезде Гейтс жашыруун жерде болуп турмакчы.

Обама ишембиликке катышууда

Обама жубайлары кечээ Вашингтондо коомдук кызмат көрсөтүү долбоорлоруна же ишембиликке катышышты. Болочок президент үйсүздөрдүн борборун боеого жардамдашса, Мишел Ирак менен Ооганстандагы аскерлерге жөнөтүлө турган белек бечкектерди чогултуу менен алектенди. Волонтерлорго кайрылып жатып, Обама жумуш орундарды көбөйтүү, медициналык кызмат көрсөтүүнү кеңейтүү жана экономиканы көтөрүү багытында аракеттенерин убада кылды:

Бирок мунун бардыгын мен өзүм жалгыз жасай албаймын. Мишел өзү жалгыз жасай албайт. Өккмөттүн колунан да бардыгы келбейт. Биз үчүн бирөө келип жасап берет деп күтүп отура берсек иштербиз эч качан бүтпөйт. Биз бардыгыбыз жоопкерчиликти өзүбүзгө алышыбыз керек. Бул – бир күндүк эле иш эмес.

Кызматка кирише электеле эл Обамага кеңири колдоосун көргөзүп. CBS News менен New York Times жүргүзгөн сурамжылоого караганда, америкалыктардын 79 проценти жаңы президентке оптимизм менен карашат.

XS
SM
MD
LG