Оппозициячыл партиянын айрым өкүлдөрү бийликтин тоскоолдугунан улам Таластын эли менен болгон жолугушуу толук аягына чыкпай калганын белгилешүүдө. Ал эми кийинки жолугушуу тууралуу чечим бир-эки аптадан соң кабыл алынышы ыктымал. Акыйкатчынын алдындагы студенттер жана жаштар укугун коргоо кеңешинин төрагасы Урмат Казакбаев бийликтин мындай аракеттерин кийинки жылы өтүүчү президенттик шайлоо өнөктүгүнүн башталышы катары сыпаттайт:
- Бул бийлик өзүнүн булчуңун, колдоно турган куралдарын көрсөтүп, айта турган сөздөрүн айтып, өзүнүн оппоненттеринин жаман жактарын көрсөтүп, өзүн күчтүү жагын көрсөтүүнү көздөгөн кийинки жылгы шайлоо өнөктүгүнө болгон аракеттери деп ойлойм.
Ал эми “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо уюмунун юристи Диана Мамбеталиева, Кыргызстан адам укутары жаатында артка кетип жатканын ырастады. Ал “Баш мыйзамда тынч митингдерди өткөрүүгө бардык жарандар укуктуу деп жазылганына карабастан жарандардын укугу барган сайын тебеленүүдө. Демократиялык мамлекеттерде эң биринчиден адамдар митинге чыгууга укуктуу. Эгер бул шарттардан артка кетсек биз эч качан укуктук мамлекет кура албайбыз.
”
Деген менен бийликчил “Ак Жол” партиясынан шайланган депутат Динара Молдошева мындай пикирлерге кошула бербейт. Анын айтымында, ушул тапта бийлик эмес, оппозиция президенттик шайлоого даярдык көрүп, эл менен жолугушууларды уюштурууда. Ал “оппозиция өкүлдөрүнө куугунтук деле болгон жок жана Таластагы окуя боюнча сот гумандуу чечим чыгарды,”- деп эсептейт.
Ал эми "Бириккен элдик кыймылдын" (БЭК) өкүлдөрү да бул маселени талкууга алып, оппозиция мүчөлөрүнө каршы чагымчылардын аракети күчөп жатканы элдин кайдыгерлигинен улам деп белгилешти. Кыймылдын мүчөсү Азимбек Бекназаровдун айтымында БЭК өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаал, мамлекеттин келечеги тууралуу элге чыныгы маалыматтарды жеткирүүнү уланта бермекчи. Бирок алар мындан ары башкача жолдор менен барууну көздөөдө.
-Жолугушууларды өткөрүү – аны уюштурган саясатчылардын айла-аракетинен да көз каранды болот. Ооба Таласта “Ата Мекенчилер” тарабынан мүмкүн анча-мынча мүчүлүштүктөр кеткендир, биз мындан жыйынтык чыгарабыз. Жыйынтык чыгарып, мындан ары тактикаларыбызды өзгөртөбүз, -дейт Азимбек Бекназаров.
Саясат талдоочу Токтогул Какчекеев шайлоо жакындаган сайын оппозиция өкүлдөрүнө болгон мамиленин ар кандай багытта өзгөрүшүн салт катары карайт. Ал ушул убакта шайлоого болгон даярдыктар көрүлүп, жадагалса кадрдык өзгөрүүлөр да ошого байланыштуу деп баалайт.
- Ошондуктан бүгүнкү күндө оопозициянын акылдууларын, программасы элге жеткен партия жетекчилерин акча берип азгырат, же кызмат берип, ишке чакырыт, же кылмыш ишин козгоп жүрөгүнүн суусун алган жолго барууга мажбур болот. Анткени, биздин мамлекет демократиянын даамын татыганды билбей калган, татыбайт дагы. Анткени, биз окшоштурма жол менен баратабыз.
Таласта болгон окуяга байлыныштуу Кара-Буура райсоту “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевге, Манас райсоту партиянын Таластагы өкүлү Койсун Курманалиева менен "Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкуловго карата митинг өткөрүүнүн эрежелерин сактаган жок, уруксатсыз митинг өткөрдү деген эскертүү жасаган.
Ал эми Өмүрбек Текебаевдин жанынан табылган курал-жаракка байланыштуу сот иши 10 күндүн ичинде каралып, чечилет. Мурда кабарлангандай 17-январда “Ата Мекен” партиясынын лидеринин автоунаасынан эки карабин менен тапанча табылганы айтылган. Өз кезегинде Өмүрбек Текебаев жанына куралдарды мыйзамдуу алып жүргөнүн белгилөөдө.
Айрым саясатчылар Таласта болгон окуяны президенттик шайлоо өнөктүгүнүн башталышы катары баалап жатышат. Алар бийлик өз күчүн алдын ала көрсөтүп баштады деп айтышууда.