Социалдык адилеттүүлүк күнүнө карата бир айлык жарыялоо буйругуна билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова кол койду. Буйрукка ылайык бардык жогорку окуу жайларда, мектептерде жана атайын орто окуу жайларда ар кандай кайрымдуулук иш-чаралары өтөт. Балдар үйүндө тарбияланып жаткандарга жана карылар үйүнө түрдүү жардамдар берилет. Бир айлык 20-февраль, Социалдык адилеттүүлүк күнүнө чейин уланат. Ошондой эле майып балдарга, ата-энеси жок студенттерге жана социалдык жактан жетишпеген үй-бүлөдөгү балдарга материалдык жардам берилет. Мындай тапшырма министрлик тарабынан бардык райондук билим берүү башкармалыгынын жана жогорку окуу жайдын жетекчилерине берилди. Ал эми ушул темага байлыныштуу чоң конференция 6-февралда Бишкек гуманитардык университетинде өтөт. Мындай маалыматты аталган министрликтин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришти. (КЕ)