Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:47

Оппозиция штабы жаңы тактиканы ишке ашырууга киришти


“Бириккен элдик кыймылдын” штабы түзүлүп, анын башына Азимбек Бекназаров турду. Оппозициянын штабы саясий күрөштүн жаңы тактикасына өтүп жатканын билдирүүдө. “Азаттык “ менен “Революциялык элдик кыймылдын” лидерлеринин бири Топчубек Тургуналиев маектешти.

- “Бириккен элдик кыймылдын” кечээки жыйынында уюштуруу штабы түзүлгөн экен. Бул штаб эмне максатта түзүлдү?

- Эң оболу “Бириккен элдик кыймыл” 24-декабрда түзүлгөңдөн бери бир нече убакыт өтүп баратат, мына бир айча. Азыр сөздөн ишке өтүш керек, өзгөчө уюштуруу иштерине өтүш керек. Ошондуктан күн сайын БЭКтин адамдары жер-жерлерде, борбордо эмне иш кылат мына ушуну борбордук штаб иликтеп, башкарып туруш керек, мына ошон үчүн түзүлдү.

- Азимбек Бекназаров 2005-жылдын март ыңкылабынын алдында ошол кездеги Бириккен оппозициянын штабын жетектеди эле, азыр да штаб жетекчиси болуп дайындалышы алдыдагы радикалдуу саясий акциялардан кабар бербейби?

- Бул жерде айтып кете турган нерсе, Азимбек Бекназаровду борбордук штаб башчысы кылып дайындалганынын эки себеби бар деп ойлойм. Биринчиси, Азимбек Бекназаров өзү революциялык кыймыл жана бириккен элдик кыймылдын тарыхый эки максаттарына, тактап айтканда, элди тажатып бүткөн, элди сызга отургузуп койгон Бакиев баш болгон бийликти оодаруу жана Кыргызстанды өнүгүү жолуна сала турган эң мыкты мамлекеттик түзүлүштү түптөө боюнча эң бекем көз карашта, туруктуу.

Экинчи жагы, Бекназаров өткөн революцияда өзүнүн көкжалдыгын көрсөткөн. Революциялык иштер боюнча абдан тажрыйбалуу. Ошондо дагы Бекназаров революцияны башкаргандардын бирден-бир негизги жетекчиси болуп, көп жерди, штабды башкарып турган. Ошондуктан А.Бекназаровго токтолушту.

- Топчубек мырза, Бекназаров башында турган жаңы штабдын курамына канча адам кирет?

- Аны биринчиден борбордук штаб деп айтуу керек. Бул республикалык штаб.

- Башкача айтканда жер-жерлерде дагы өкүлчүлүктөр болот турбайбы?

- Ооба. Баланча санда деп анын чеги болбойт. Колунан келген, “Бириккен элдик кыймылга” кирген партиялардын, кыймылдардын, же жеке инсандардын штабга канчалык пайда келтире турганын ар бир партия, бирикмелер өздөрү сунуш кылып, анан жакынкы күндөрдө штабдын курамы толукталат. Ал эми жер-жерлерде дубандык, оодандык, чоң-чоң айылдык жергиликтүү штабдар түзүлө баштайт.

- Ар бир облуста түзүлөбү?

- Ооба, ар бир дубанда, оодандарда, шаарларда, чоң-чоң айылдарда да түзүлөт.

-“Бириккен элдик кыймыл” кечээки жыйында дагы эл менен жолугушууда жаңы ыкмага өтөбүз деп билдирген экен. Ошол ыкмага да токтолуп кетсеңиз?

- Пландын ток этери, элдин тарыхый талаптарын уюштуруу үчүн жер-жерлерде эң чыгаан, көкжал, аттын башын жарым жолдо буруп кетпей турган эң мыкты адамдардан уютку штабдарды түзүш керек. Кептин баары ушунда адегенде.

Андан кийин менин жеке оюмча, муну дагы “Бириккен элдик кыймылда” талкуулаганбыз, 2005-жылдагы революция перманенттик жол менен болгон, жеңиш биринин артынан бири келген. Адегенде 4-мартта Жалал-Абатта, андан кийин башка аймактарда, анан 24-мартта Бишкекте жеңген.

Биз бүгүнкү абалга, бир жагынан 2005-жылдагы тажрыйбанын оң-сол жагынын баардыгын сабак кылып алып, жаңы тактикага, жаңы ыкмага түшүшүбүз керек деп ойлойм. Ал ыкма - бирден-бир талаптарды айтып, бардык аймактарда бир күндө, бир саатта бирдей күч менен чыгуу.

- Маегиңизге чоң рахмат.


XS
SM
MD
LG