Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:48

Барак Обама америкалыктарды чечкиндүү аракеттерге чакырды


АКШнын жаңы президенти Барак Обама калкына кайрылган сөзүндө карама-каршылыктарды унутуп, бүгүнкү күндүн эң орчундуу маселелерин чечүү үчүн ынтымакташууга чакырды.

Oбаманын ант берүү салтанатына келген кишинин көптүгүнөн салтанат өткөн Улуттук парк кылкылдаган деңиз болуп толкуп турду. Бул күнгө жаратылыш да кубангандай, чыкылдаган кышкы суукта күн жаркырап тийди. Бирок Обама дароо эле АКШ туш келген учурдагы кыйынчылыктардан сөз баштады:

– Биз кризистин чордонунда экенибизди баарыбыз түшүнүп турабыз. Биздин өлкө зордукчулук менен жек көрүүчүлүккө каршы согушуп жаткан чак. Биздин экономика ачкөздүктөн жана айрымдардын жоопкерчиликсиздигинен улам, ошондой эле кыйынчылыктан жалтактабай, калкыбызды жаңы доорго даярдай албаганыбыздын кесепетинен улам, өтө чабалданып калды. Канча адам үй-жайынан айрылды, жумушсуз калды, ишканалар жабылууда. Саламаттыкты сактоо тармагыбыздын чыгымдары өтө чоң, биздин мектептерден канчалаган бала чала сабат болуп чыгууда. Энергияны коромжу колдонгонубуз душмандардын чырагына май тамызып, Жер шарына биз канчалык коркунуч келтирип жаткандыгыбызга өзүбүз күндө күбө болуп жатабыз.

Бул кыйынчылыктардын канчалык оор экендигин моюнга алган Обама ошол эле мезгилде экс-президент Буштун мамлекет башчысы катары кемчиликтерин кечиктирбестен, дароо оңдоого киришээрин мындайча билдирди:

– Биздин мүмкүнчүлүктөрүбүз азайган жок. Бирок кол куушуруп отуруп алып, бир ууч адамдардын кызыкчылыгын коргоп, оор, бирок зарыл чечимдерди кийинкиге калтыра берүүгө убакыт калган жок. Бүгүндөн баштап биз башыбызды көтөрүп, кем-карчыбызды толуктап, Американы кайра тикелөө ишине киришибиз керек.

Обама Ирак менен Ооганстандагы согуштардан тышкары, терроризм коркунучу жана айрым өлкөлөрдөн экономикалык коркунуч бар экендигин ал өлкөлөрдү атынан атабастан белгиледи. Обама исламдын жолун жолдогондорго да кайрылып, алардын арасындагы радикалдарга мындайча эскертүү берди:

– Мусулман дүйнөсүн айтсак, биз орток кызыкчылыктарга жана бир бирибизди сыйлашууга негизделген жаңы мүмкүнчүлүктөрдү караштырабыз. Элдерди уруштуруп, же өз өлкөсүнүн кыйынчылыктары үчүн Батышты күнөөлөгөн жол башчылар билип коюшсун, силерге өз элиңер эмнени кыйратканыңар үчүн эмес, эмнени жараткандыгыңарга карап баа берет.

Ал Американын элин кандай каатчылык болбосун, баарын эмгекчилдик жана тапкычтыгыбыз менен жеңе алабыз деп ишендирди.

АКШнын тарыхындагы тунгуч кара түстүү президент болуп калган Обама бирок өз сөзүндө рассалык маселелерге анчейин тереңдеген жок. Бир гана өзүн "60 жылга жетпеген убакыт мурда эле атасын ушул айланадагы ресторанга киргизбей коюшу мүмкүн болгон" адам катары мүнөздөп, өз президенттигинин тарыхый шаанисин моюндады.

XS
SM
MD
LG