Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

Өмүрбек Текебаевге кылмыш иши козголду


“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевге каршы Талас облусунун Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмү Кылмыш-Жаза кодексинин 242-беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, ал алып жүргөн куралдын окчонтою дүкөндө сатылгандан башкача жасалган деген кине койду. Мындай маалыматты партиянын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов, андан кийин оппозициячыл лидер Текебаев өзү да "Азаттыкка" билдирди. Өмүрбек Текебаев 17-январда Кара-Буура районунда жыйын өткөрүп жатканда анын машинасынан уруксааты бар бир газ тапанчасы жана мергенчиликке колдонулуучу эки мылтык табылган. Өмүрбек Текебаев өз кезегинде ал куралдарга тийиштүү органдардын мыйзамдуу уруксаты бар экендигин айтып жатат. Бул иш боюнча ал ишембиде (24-январда) Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына чакыртылып, кылмыш иши тууралуу токтом угузулду. (BD)

XS
SM
MD
LG