Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

АКШнын ракеталык соккулары Пакистандын террорго каршы согушуна жардам бербейт


Пакистан АКШнын өлкө аймагындагы согушкерлерге ракеталык сокку уруусу анын террорго каршы АКШ жетектеген өнөктүктүн алкагындагы аракеттерине жардам бербейт деп эсептейт. Пакистан президентинин басма сөз катчысынын билдиргенине караганда, президент Асиф Али Зардаринин өзү бул тууралуу АКШнын Исламабаддагы элчиси Анн Паттерсонго айткан. Ушул жума күнү Пакистандын атайын кызматтарынын өкүлдөрү менен жергиликтүү тургундардын ырстоосунда, учкучсуз башкаруудагы америкалык учак өлкөнүн түндүк-батышында согушкерлер бар делген жайларга сокку урганда, 22 киши каза тапты. Бул - АКШ президентинин кызматына Барак Обама киришкенден бери америкалык учкучсуз башкаруудагы учактын Пакистан аймагын жасаган биринчи чабуулу. Пакистан мындай чабуулдарга карата нааразылыгын мурда да билдирип келген.

XS
SM
MD
LG