Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:02

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Өзбекстанда болду


23-январда Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Ташкенге иш сапары менен барды. Ислам Каримов менен жолугушуу маалында энергетика тууралуу сүйлөшүүлөр жүргөн. Каримов 2009-жылы Өзбекстан «Газпромго» 16 миллиард кубометр табигый газ жүктөөгө даяр экенин билдирген.

Сүйлөшүү маалында Дмитрий Медведев Москва Ооганстан маселесин чечкенден соң Вашингтон менен кызматташууга даяр экенин айткан. Орусиянын президенти Ооганстанда абалды жөнгө салууда таасир этчү эл аралык жаңы топторду уюштуруу, андай түзүлүштү ал өлкөгө кошуна мамлекеттер катышуусу менен иштеп чыккан дурус деп айтты.

Өзбекстанды байкоочулар айтканынан улам жыдый берген, андыктан ишенимден чыккан өлкө деп баалашат. Өткөн жылы октябрь айында, маселен, Ислам Каримов Өзбекстан ЕврАзЭс уюмунан чыгарын жарыялаган. Кызык жери, андай жарыя Анжиян кайгылуу окуясынан соң Евробиримдиги киргизген тыюусун алып таштаары менен жасалган. Ошол эле Ташкен былтыр бирге куралы деп Москва сунуштаган Каспий жээги менен өтчү куур долборунан да баш тарткан.

«Комсомольская правда» гезитинин жазганына караганда, 24-январда орус президентинин Өзбекстанга иш сапарынын жыйынтыгында Орусия-Украина ортосундагы газ чатагынан соң Өзбекстан өзүнүн энергетикалык кубатынан кооптонуп калган. “Ошол себептен Батыш менен алакасын жакшыртууга дилгир” деп белгиленет макалада. Ушундан улам Ташкен көгүлтүр отунун Москвага сатууга тез макул болду.

Президент Ислам Каримовдун айтымында, жылына Өзбекстан азыр Орусияга 16 миллиард кубметр газ жиберүүгө даяр жана бара-бара анын көлөмүн 31 миллиард кубметрге жеткирсе болот. Ошондой эле Орусиянын жери менен өтчү «Орто Азия - Борбор» кууру менен өтчү көгүлтүр отун үчүн да катышууга макул.

Журналисттер алдында Дмитрий Медведев буларды айтты:

- Биз абдан маанилүү кадам жасадык. Энергетика боюнча кызматташууда учурдун талабына карай багытталган негиз түздүк, ачык айтканда, базар баасына өттүк.

Ал эми Өзбекстан президенти буларды кошумчалады:

- Биз көгүлтүр отунду Орусияга гана сатабыз. Мен бул сөздү түз маанисинде түшүнүү керектигин каалар элем. Андан ары Орусия эмне кылам десе өз билет.

Айтор эки жетекчи ортосундагы негизги кеп саясат эмес эле электр кубатын өндүрүүгө байланыштуу болгон. «Газета» басылмасы немис эксперти Александр Рардын пикирин жарыялаган. Адистин баамында, Медведев – Каримов жолугушуусундагы башкы максат Киев менен Москванын газ согушунан пайда болду. Кремл ал жерден келүүчү көгүлтүр отун үчүн Каспий жээгин бойлой өтчү куурун салбаса болбой калганын чындап түшүндү деген.

- Кандай болгон күндө да азыр Орусия өз куурун тез аранын ичинде куруп чыгуу далалатында. Антпесе Батыш ал жактан көгүлтүр отунду өзү курганы аткан Nabucco кууру аркылуу алып жакчу болот.

Агенттиктер жазганга караганда бул жолу Өзбекстан батышка жүктөлчү көгүлтүр отуну үчүн европалык наркта акы, башкача айтканда мурдагысынан кымбат акы алуу үчүн макулдашкан.

XS
SM
MD
LG