Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:33

28-январь : Тарых барактары


1986-жылы 28-январда америкалык «Челленджер» космос корабли кырсыкка учураган.
1986-жылы 28-январда америкалык «Челленджер» космос корабли кырсыкка учураган.

Кыргызстандагы мини масштабдагы «культ личность»өнөкөтү 1932-жылдын бул күндөрү жасалган. Бүгүн ядролук согушка каршы күрөшүүнүн Эларалык күнү. Дүйнөлүк коомчулук 1986-жылдын бул күнү америкалык «Челленджер» космос кораблинин талкаланыш каргашасына күбө болгон.

Кыргыздардын Эне Сай өрөөнүндөгү миң жылдан ашык жаркын тарыхы XVIII кылымдын башталышында соңуна чыккан. Кыргыздардын колунан ооматтын оошу, адегенде алардын тышкы күчтөргө каршы жүргүзгөн теңдешкиз саясатынын кесепети болгон. Падышалык Россиянын Сибирь бийлигинин билдирүүсүнө караганда 1694-жылдын башталышынан тарта кыргыздарга жунгарлар топ-топ болуп келе башташкан. Жунгарлар кыргыздардан кол курап орус чептерине кол салуну көздөп жатбасын деп кооптонгон Кузнецк воеводасы А. Синявин 1694-жылдын 28-январында чалгындоо максаты менен атаман М. Поповду алтырлык кыргыздарга жөнөткөн.

Кыргызстандагы мини масштабдагы «культ личность» өнөкөтү 1932-жылдын бул күндөрү туу чокусуна жеткен. Абдыкадыр Орозбековдун Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитетинин төрагалык кызматта турушунун беш жылдыгы «бүткүл элдик» майрам катары белгиленип, «кечээги кембагал», бүгүнкү жетекчинин урматына чарба, көчөлөрдүн аталыштары өзгөртүлүп, алар «А. Орозбеков» ысмын ала баштаган. Фрунзедеги жумушчулар шаарчасындагы көчө «А. Орозбеков» көчөсү аталып; Кызыл-Кыя району «А. Орозбеков» районуна өзгөртүлүп, Кызыл-Кыянын борбору эсептелген Үч-Коргон кыштагы «Орозбекабад» деп аталган. Анткен менен жаңы аталыштар узакка сакталган эмес. Беш жылдан кийин ал камакка алынып, жумушчулар шаарчасындагы «А. Орозбеков» көчөсү-Николай Островский; «А. Орозбеков» району Молотов районуна; «Орозбекабад» болсо «Молотовоабад» ысмын алган.

Бүгүн ядролук согушка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Ядролук согушка каршы күрөшүү Декларациясы 1985-жылы Дели шаарында кабыл алынган. Декларацияда ядролук куралданууну токтотуу, ядролук арсеналды жою жана ядролук согушту болтурбоо чакырыгы камтылган.

В. И. Ленин 1918-жылдын бул күнү Жумушчу-Дыйкандардын Кызыл Армиясын куруу туурасында Декретке кол койгон.

Дүйнөлүк коомчулук 1986-жылдын бул күнү америкалык «Челленджер» космос кораблинин талкаланыш каргашасына күбө болгон. «Челленджер» космос корабли Флорида штатындагы Канаверал булуңунан белгиленген убакытта абага көтөрүлүп, учкандан 73 секунд өткөн соң космос корабли жарылып, алеки заматта ал жаркыраган булутка айланган. Кораблдин 7 экипажынын бири да мындай техногендик каргашадан аман калган эмес.

Мындан туура 168 жыл мурун орустун улуу тарыхчысы, Петербург Илим Академиясынын академиги Василий Осипович Ключевский жарык дүйнөгө келген. В. О. Ключевский өмүр бою айтылуу «Орус тарыхынын курсу» аталган чыгармасын өркүндөтүү үстүндө алектенген. Байыркы орус хроникалары менен историографиясын мыкты өздөштүргөн тарыхчы, байыркы мезгилден, XIX кылымга чейинки орус тарыхын хронологиялык ыраатка келтирип эле тим болбой, анын философиялык маңызын ачып бере алган. В. О. Ключевский мыкты стилист, тарыхый портреттердин устасы жана алдына киши салдырбаган лектор болгон.

Бирнчи өзү жазуучу эсептегич машинаны чыгарган жана Burroughz фирмасын негиздеген америкалык ойлоп тапкыч Уильям Стьюард Барроуз 1855-жылдын бул күнү жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG