Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:58

Шаалар дүйнөлүк кризистин ачкычын Давостон издешүүдө


Шаршемби күнү Швейцариянын Давос курортунда Дүйнөлүк Экономикалык Форум ачылды. Жыйынга чогулган мартабалуу экономистттер, министрлер жана мамлекет башчылар дүйнөлүк экономиканы финансылык кризистин сазынан түртүп чыгуунун жолдорун талкуулашууда.

Көп сөз, түрдүү пикирлер арбын айтылганы менен, эксперттердин баамдашынча, ар тараптын башын бириктирчү идея болбой жатат. Лидерлер күчтүү финансылык механизмди табуу үчүн мунасада иштөөсү шарт, дешет эксперттер.

Ар бир өкмөт улуттук финансылык системаны каржылоо менен экономиканы алга сүрөп кете албайт. Финансылык «ийне сайуулар» реалдуу өсүшкө алып баруусу үчүн эларалык коомчулук чогуу аракеттенүүсү зарыл. Ал үчүн,- деди Дүйнөлүк банктын башкы экономисти Жастин Ифу Лин форумда сүйлөп,- ар бир өлкө бюджет жана алым-салымдар боюнча тартипти бекем сакташы шарт. «Биз ага жетишсек, кризистен соң өз ара координация жакшырып, дүйнөдө да туруктуу өсүү болот»,-деди Жастин Лин.

Гонконгдун Морган Стэнли (Morgan Stanltey) банкынын төргасы Стефан Роч кризис менен күрөшүүдө улуттук өкмөттөргө эл аралык милдеттенмелерин аткартууга Эларалык валюта корунун тили өтпөй жатканын айтып даттанды:

- МВФ үч жыл мурда чоң шаан-шөкөт менен көп жактуу байкоону жана консултациялык механизмди баштаган. Анын азыр дайыны жок. Маселе, көп тараптуу байкоо жүргүзчү механизмди иштетчү механизмдин жок экенинде. Бир да өкмөт эларалык проблема менен күрөшүүнү көп улуттуу уюмга берип, эгемендигинен баш тарткысы жок.

Түштүк Африканын финансы министри Тревор Мануэлдин боолгошунча, дүйнөлүк финансылык кризис жаңы экономикалык доорду алып келет.

Түркиянын жана Япониянын экономикалык кризиске каршы күрөшүүдөгү бай тажрыйбасы жаңы экономикалык доор үчүн сабак болорун япон жана түрк ишкерлер айтышты. Түрктөрдүн Dogus Group ширкетинин башчысы Ферит Шенек Түркияда 10 жыл мурда азыр АКШ банктары баштан кечирген жагдайга окшош окуялар болгонун белгиледи:

- Бизге МВФтин жардамы керек болсо - кайрылдык. Жарнакчылар өз банктарынан капиталын көбөйтүүнү талап кылышты. Акча таппаган банктар улутташтырылды. Ишин жакшырта албаган банктар ирилештирилди. Жарнакчылар банктарын сатты. Азыр банк чөйрөсү мурдакыдан эмес, такыр өзгөрдү.

Кейо университетинин Глобалдык изилдөөлөр борборунун директору Хейзо Танака Япония өкмөтү банктарга кандай көмөк бергенин айтып берди:

- Биз 1999-жылы коммерциялык банктарга олчойгон акча бердик. Ага карабай, төрт жылдан кийин да финансылык кризис токтободу. Азыр биз банктардын активдерин так билишибиз керек болууда. Себеби банктарга канча капитал керек экенин биз биле албадык.

Россиянын премьер-министри азыркы финансылык кризисти 1920-жылдардын аягында АКШны муунткан Улуу депрессияга салыштырып, бирок айырмасы - финансылык кризистен азыр дүйнө өлкөлөрү бүтүндөй жабыркап жатканына көңүл бурду. Владимир Путин кризис үчүн АКШны күнөөлөбөдү, лекин былтыр Давосто ал кездеги Мамкатчы Кондолиза Райс Кошмо Штаттардын экономикасы бекем турат деген сөзүн эске салды:

- Бир жыл мурда америкалык досторубуз ушул подиумда туруп, АКШ экономикасы түбүнөн бекем жана келечеги ишеничтүү экенин айтканын эсиңиздерге салам. Бүгүн Уолл Стриттин сыймыгы - инвестициялык банктар иштебей калды. Алар бир жылда чейрек кылымдык кирешесине тете чыгымга учурагынын мойнуна алышты.

Путин мамлекеттин экономикага ашыкча кийлигишүүсү эркин экономиканын табитине жат экенин белгилеп, АКШ президенти Барак Обаманы эларалык маселелерде «конструктивдүү кызматташууга» чакырды.

XS
SM
MD
LG