Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:47

Ирак: шайлоочулар талапкерлер менен жакындан тааныша алышты


Багдад, 29-январь, 2009-жыл
Багдад, 29-январь, 2009-жыл

Ирактагы жергиликтүү шайлоо 31-январда өтөт. Бул жолу өлкө мурда болуп көрбөгөндөй даярдыктарга күбө болду. Коопсуздук кырдаалы жакшырганынан пайдаланып, көпчүлүк талапкерлер шайлоочулар менен түздөн түз жолугушуп жатышты. Жер жерлердеги дубалдар үгүт плакаттарына толуп калды. Кээ бир байкоочулардын айтымында, быйылкы өнөктүк 4 жыл мурунку добуш берүүдөн абдан айырмаланууда.

Акыркы жолу шайлоо участкаларына барганда, ирактыктар кимге добуш берип жатышканын билишкен деле эмес. Саддамдын режими кулатылгандан кийинки биринчи өнөктүктө, 2005-жылы, шайлоочулар партиялар үчүн добуш беришкен. Эң көп добуш алган партиялар өз депутаттарын тандашкан.

Бул ирет шайлоо өтө турган 14 чөлкөмдө ар бир бурчта күлүп же ойлонуп, кол булгаган талапкерлердин плакаттары илинип турат. Шайлоочулар партиянын атынан же өз алдынча ат салышкан конкреттүү адамдарга добуш беришмекчи.

Гезиттердин беттери, радиотолкундар шайлоо рекламасына толгон. Мындай үгүт кампаниясында аял кандидаттар дээрлик көрүнбөйт. Ар бир чөлкөмдөн аялдар ат салышка катышканы менен алардын сүрөттөрүн көчөлөрдө көрө албайсың. Жергиликтүү кеңештердеги 440 орун үчүн күрөшкөн талапкередердин 30 процентин аялдар түзөт. Мыйзамга ылайык, аялдарга 25 проценттик квота бөлүнгөн.

Өнөктүккө даярдык учурунда жергиликтүү шайлоо жөнүндөгү жобого бир катар өзгөртүүлөр киргизилген. Эми Борбордук шайлоо комиссиясынын ырастоосунда, партиялар жеңген ар бир үчүнчү орун аялзаттын өкүлдөрүнө берилет. Бирок үчүнчү орунду жеңгендер болбосо, аялдар, демек, мандатсыз калышат.

Өткөн шайлоодон айырмаланып бул жолу талапкерлер эл менен түздөн түз жолугушкан учурлар арбын. Алсак, өткөн жумада Багдад шаардык кеңешине талаптанган 13 киши 3 саат бою шайлоочулардын суроолоруна жооп беришти.

Коопсуздук кырдаалы жакшырганы менен, кол салуулар коркунучу жоюла элек.

Айдын башында премьер-министр Нури ал-Маликинин партиясынан талапкер үгүт иш-чарасынан кетип бараткан жеринен атып өлтүрүлгөн.

Кандидаттардын арасында 2005-жылы бийлик бөлүштүүрүүдө партияларга утулуп калган уруу лидерлерин көрсө болот. Алар тигил же бул уруунун символикасын кеңири колдонушууда. Багдад университетинин профессору Салам ал-Самер ал Ирак коомунун салттык тамырларын эске салат дейт. Бирок бүгүнкү шайлоочу адискөй талапкерлерди көргүсү келет:

- Шайлоо комиссиясы диний символиканы колдонууга тыюу салган. Бирок айрым диний блоктор менен партиялар аларды бары бир пайдаланып келет. Башкалары болсо уруулардын символикасын колдонушат. Аларга тыюу салынган эмес. Менимче, шайлоочуларды мунун бардыгы азыр кызыктырбайт.

Аймактык кеңештер жергиликтүү мыйзамдарды, алар федералдык жоболорго же конституцияга каршы келбеген учурларда жактыруу укугуна ээ болушат. Кеңештерге жергиликтүү коопсуздук күчтөрү да баш ийишет.

XS
SM
MD
LG