Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:44

Армения жана Түркия жетекчилиги бекем мамилелер үчүн


Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган жана Армениянын тышкы иштер министри Эдвард Налбандян
Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган жана Армениянын тышкы иштер министри Эдвард Налбандян

Түркиянын өкмөтү көп багыттуу тышкы саясатынын алкагында Армения менен мамилелерин оңдоо үчүн алгылыктуу аракеттенүүдө. 29-январда Түркиянын бийлиги Давосто өтүп жаткан Дүйнөлүк экономикалык форумда Армениянын жетекчилиги менен бейрасмий сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Дүйнөлүк экономикалык форум өтүп жаткан Давос шаарында бейшемби күнү Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Армениянын президенти Серж Саркисян менен жолугушуп, ортодогу мамилелерди бекемдөө жана эки өлкө ортосундагы Тоолуу Карабак жаңжалын чечүү тууралуу сүйлөшүштү.

Жолугушуу тууралуу толук маалымат берилбегени менен, кабарларга караганда, Эрдоган Түркия-Армения байланыштарында тараптар жигердүү кадамдарды ташташы керектигин, эгерде бул кадамдар армян диаспорасынын жүргүзүп келген келишпестик өнөктүгүнө садага чабылса, туура эмес болоорун баса көрсөткөн. Жолугушуудан кийин Эрдоганды буларды айтты:

- Биз Тоолуу Карабак маселесинде Азербайжанды жалгыз калтыра албайбыз. Мындайча айтканда, биздин алдыбыздагы маселелер көп жагынан Азербайжан менен байланыштуу. Ошондуктан Армениядан бизди туура түшүнүүсүн каалайбыз.

Өкмөт башчысынан мурда Түркиянын тышкы иштер министри Али Бабажан Давосто Армениянын тышкы иштер министри Эдуард Налбандян менен жолугушту. Давосто кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып, Бабажан Армения менен Түркиянын ортосундагы мамилелерди оңдоо жаатында сүйлөшүүлөр уланып жатканын, андан алгылыктуу натыйжа чыкканда калайык менен тең бөлүшөөрүн белгиледи.

Анкара Тоолуу Карабак жаңжалынын тез арада чечилүүсүнө өзгөчө маани артып жатканына басым жасаган Бабажан, эгерде тараптар бул жааттагы саясий чечкиндүүлүгүнөн жазбаса, 2009-жыл Түркия-Армения мамилелеринде бурулуш учур болуп кала алаарына болгон ишенимин кайталап, “быйыл чечим табылып калса таң калбас элем” деди.

Маалым болгондой, өткөн жылдын октябрь айында Түркиянын президенти Абдулла Гүл 2010-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандама оюндар учурунда Ереванга барып, Түркия-Армения футбол беттешүүсүн армян кесиптеши Серж Саркисян менен чогуу көргөн эле.Ошондон бери эки өлкө ортосунда кандайдыр бир жагымдуу кырдаал пайда болуп, эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү тынчтык боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келүүдө.

Армения “Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Осмон бийлигинин буйругу менен 1,5 миллион армян тукум курут болгон, бул геноцид дегенге жатат” деп ырастаса, Түркия 300 миңге жакын армян жана андан алда канча көп сандагы түрк ошо кездеги согуштун оор шарттарынан улам набыт болгонун билдирип, ошол кездеги окуяларды тарыхчылар изилдеп чыгышы керек деп ырастоодо.

XS
SM
MD
LG